Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

АКШ ПРЕЗИДЕНТИНЕ КОЛ САЛУУГА АРАКЕТ КЫЛГАН БОЛУШУ МҮМКҮН ДЕШЕН ШЕК МЕНЕН БИР АДАМ КАРМАЛДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Грузиянын атайын кызматтары ушул жылдын май айында Тбилисиге сапар менен барган АКШ президенти Жорж Бушка кол салуу аракетин көргөн деген шек менен 27 жаштагы Владимир Арутуньянды кармашты. Аны кармоо учурунда атышуу болуп, бир полиция кызматкери каза болгону кабарланды.

Владимир Арутуньян кармалган учур грузиялык телеканалдардан түз эфирде көрсөтүлдү. Маалымат жыйынында Грузиянын Ички иштер министри Вано Мерабишвили Арутуньянды атайын кызматтар Тбилисиге жакын жердеги Вашлижвари деген аймакта кармашканын айтты:

- Биздин бир кызматкер Владимир Арутуньяндын үйүнө кирген учурда, Арутуньян ага ок чыгарып, полицей Зураб Квливидзе курман болду. Кийин атышуулардан Арутуньян өзү жаракат алды жана атайын кызматтар аны кармашты.

Көкүрөгүнөн жана бутунан ок жеп, жарадар болгон Арутуньянды тезинен Тбилисидеги республикалык ооруканага жеткиришти. Азыр анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок деп кабарлашты.

Министр Мерабишвили билдиргендей, Арутуньян азыр АКШ президентине кол салууга аракет жасаган адам катарында шектелип жатат, бирок аны такташ үчүн дагы бир канча саат, балким, бир нече күн талап кылынышы мүмкүн.

Президент Жорж Бушка кол салуу аракети тууралуу маалымат, Тбилисидеги Эркиндик аянтына чогулган 120 миң адамды коркутуп-үркүтпөш үчүн, АКШ президенти Грузиядан кеткенден кийин гана таркатылды.

10-май күнү АКШ президенти Жорж Буш менен Грузиянын мамлекет башчысы Михаил Саакашвили сүйлөй турган трибанага 30 метрдей жакын жерден согуштук граната табылган.

Бейшембиде грузиялык каналдар кара чачтуу, улуту боюнча армян Арутуньяндын сүрөттөрүн көрсөтүп, ал Бушка кол салууга аракет кылган деп шектелип жатканын кабарлашты. Полиция билдиргендей, ал эч жерде иштебейт жана жалгыз энеси менен жашайт.

Арутуньяндын энеси Анжела айым бир канча убакытка суракка алынды, андан кийин журналисттерге билдиргендей, акыркы 3 күн бою анын баласы үйгө келбей калган экен.

- Ал үч күндөн бери үйгө келген жок. Буга чейин ал дайыма үйдөн чыкчу эмес.

Ушул тапта Арутуньяндын 10-майдагы окуяга тийиштиги бар-жогун, Грузин кызматтары менен биргеликте АКШнын атайын кызматтары да иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG