Жалпысынан шаардын 3 метро станциясында жана 1 автобуста кичинекей детонаторлор жарылгандыгы айтылды. Кичинекей жардыруулар бүгүн үч станцияда: Уоррен-стрит, Овал жана Шепердс Буш станцияларында болгон. Ал метро станцияларына жакын жерлердеги ооруканалар толук даярдыкта турушат. Ушул тапта 4 лицинияда поезддердин жүрүшү токтотулду.
Коломбия-Роуд деген райондогу бир автобуста да кичине жардыруу болгону жөнүндө кабар бар. Автобус азыр башка жерге жылдырылган. Окуяга күбө болгондор жардыруу учурунда автобустун айнек-терезелери сынып, чачырап кеткендигин айтышты.
Метродогу жардырууларга күбө болгондордун айрымдары эки станцияда түтүн чыгып жатканын айтышты. Күбөлөрдүн бири билдиргендей, станцияда түтүн чыга баштаганда, адамдар катуу коркуп кетишкендиктен, баары сыртка чыкканга аракет кылып, чуркай башташкан.Ошондой эле жакынкы мезгилдерде Лондон метросу жабык болоору жарыя кылынды.
Бир жарым сааттай мурда Лондондун транспорт башкармачылыгынын өкүлү Жеймс Баклей “Азаттыкка” буларды билдирди:
- Биз Уоррен Стрит жана Овал станцияларындагы окуялар боюнча жооп берип жатабыз. Бул станцияларда ушул убакытка карата жапа тарткандар жок. Биз Виктория жана Хаммерсмит-Сити, ошондой эле Түндүк түйүн боюнча кыймылды толугу менен токтоттук.
Лондондун метро полициясынын төрагасы Йан Блэр бүгүнкү жардыруулардан эч ким жапа тартпагандыгын айтты:
- Азыр кырдаал чын эле толугу менен көзөмөлгө алына баштады. Биз окуя болгон бардык жерлерди тактап бүттүк. Ушул убакытка карата химиялык заттар колдонулган эч кандай ири чабуулдар болгон жок.
Бүгүнкү кичине жардыруулар боюнча өлкөнүн премьер-министри Тони Блэр да билдирүү жасады. Ал “Лондондогу турмуш дагы өзүнүн адаттагы калыбына келет ко деп үмүттөнөөрүн айтты” жана бул жардыруулар адамдарды коркутуу үчүн жасалганын билдирди:
- Бул чабуулдардын максаты эмне экенин билебиз – адамдарды коркутуу. Максатка ылайык, бул жолу жардыруулардан жапа тарткандар болбоду. Ушул тапта полиция да, коопсуздук кызматтары да өздөрүнүн эң мыкты иштерин аткарышты. Ошондуктан, эми биз кичине токтолушубуз керек деп ойлойм.
Ошентип, ырасмий бийликтер окуядан жапа тарткандар болбогонун айтышты.
Бирок окуяга күбө болгондордун айтымында, бир адамдын денесине доо кеткен. Ал адам тууралуу толук маалымат айтыла элек.
Лондондо жашаган кыргызстандык музыкант Клара Чотоева Фрей айым «Азаттыктын» кабарчысына окуя болгондон кийинки алгачкы сааттарда буларды билдирди:
- Азыр поезддер токтоп, метро жүрбөй калды. Мен кечээ эле жумуштар боюнча метрого түшкөм... Азыр эч ким билбейт, кайсыл мүнөттө жардыруу болуп кетрээрин. Корккондор эч жакка чыкпай эле үйлөрүндө олтурушат, бирок метродо да, бардык жерлерде полициялар жүрүшөт. Бейтааныш нерселер болсо, ошол учурда аныктаганга аракет кылып жатышат.