Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

БАШКЫ ПРОКУРОР ЖҮЗ КҮНДҮКТҮН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ


22-июлда Башкы прокуратуранын коллегиясы болуп, анда прокуратуранан “Мыйзамдуулук аркылуу - туруктуулук жана тартипке” деп аталган жүз күндүк программасынын аткарылышы талкууланды. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров прокуратура кызматынын ишин кескин сынга алып, коррупцияга каршы күрөштү, адам укуктарын сактоого аракетти күчөтүү милдетин койду.

Башкы прокуратуранын коллегиясына өлкөдөгү белгилүү өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, президенттик администрациянын жетекчиси Үсөн Сыдыков катышты. Сыдыков коллегиянын катышуучуларына Башкы прокрурордун жаңы биринчи орун басары Жумадыл Макешов жана орун басары Канат Аманкуловду тааныштырды.

Андан кийин Азимбек Бекназаров жүз күндүк программанын аткарылышы боюнча сөз сүйлөп, прокурорлордун ишин кескин сынга алды. Ал ири кылмыш иштерди тергөө аксап жатканын белгиледи:

- Коомчулукка кеңири белгилүү болгон “Кыргызалтын”, “Кумтөр” үстүнөн козголгон кылмыш иштер, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу, Аксы окуясы, паспортторду даярдоо боюнча өкмөттүн өткөргөн тендердин мыйзамдуулугу боюнча кылмыш иштер алгылыктуу алга жылган жок.

Башкы прокурор ошондой эле атуулдардын укугун коргоо, алардын арыздарына өзгөчө көңүл буруу маселесин да көтөрүп, МАИ кызматкерлеринин ишине токтолду:

- Азыр чыгып карап көргүлө, айдоочуларды көрүнгөн бурчтан аңдып турушат. Эмне үчүн алардын бурчтарда, далдааларга жашынып турганын текшербейсиңер? Алар кайсы мыйзамдын, буйруктун негизинде ошентип жашынып турушат. Мен муну карапайым элди чак түштө тоноо деп атаймын.

Бишкек шаарынын прокурору болуп жаңыдан дайындалган Учкун Каримов шаардык прокуратуранын иши тууралуу маалымат берди:

- “Импаш Манаска” берилген “Инструментальщик” стадиону, Бизнес-борбордун 12 кабат үйү, «Пишпек» меймананкасы боюнча кылмыш иши иликтенип, ал мүлктөрдүн мурунку президент Акаевдин жакын тууганы Кашкараевге таандык экени айкын болду. Бул иштер мурда дурус иликтенбей калган экен, биз эми аны аягына чыгарабыз. Ишиндеги шалаакылык үчүн шаардык прокуратуранын сегиз кызматкери сөгүш алып, бирөөсү кызматтан алынды. Биз мындан ары ишибизди натыйжалуу жүргүзүүгө аракеттенебиз.

Башкы прокурор Азимбек Бекназаров журналисттерге акыркы кездеги ири окуялар, тергөө иштери тууралуу маалымат берди:

- Акевдин туугандарынын бешөөсү келаткан. Бирок экөөсүн Алматыда Айдар Акаев кармап калыптыр. Үчөөсү бизге келип, алардын атына жазылган мүлктөргө ээ эмес экенин, паспортторун алып жазып коюшканын айтып, өз эрки менен көрсөтмө берүүдө. Николай Танаев мына келем, ана келем деп маалкатып жатат. Ал эми Урмат Барктабасов кийинки жумада келет.

Бекназаровдун айтымында, Башкы прокуратура ири кылмыш иштерин иликтөөнү улантат жана анын натыйжалары болот. Өзбек качкындарынын маселеси кошумча иликтенип жатат деп белгиледи Бекназаров:

- Кайрадан кошумча иликтөө жүргүзүп жатабыз. Анткени Бириккен Улуттар уюму тарабынан да, Өзбекстан тараптан да кошумча документ беришти, 29 адамга гана тиешелүү. Ал эми калгандарына тийбейбиз. Аларды текшерип чыкканбыз. Эми алардын катарынан киши алынбайт.

Башкы прокуратуранын коллегиясына катышкан “Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов прокуратура ишин мындайча баалады:

- Прокуратура система катары жаңы принциптер менен иштеп калды деп айтууга болбойт. Аны өздөрү да коллегияда моюнга алууда. Коррупцияга каршы күрөштө, мурунку режимдин бетин ачуу, күнөөлүүлөрүн жоопкерчиликке тартууда эч кандай көрүнүктүү нерсе жасала элек. Аны өздөрү да мойнуна алып жатышат. Ошондуктан коомчулукта да суроолор бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG