Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

КЫРГЫЗСТАН ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫ КООМДУК-САЯСИЙ КЫЙМЫЛГА АЙЛАНДЫ


23-июлда Бишкектеги “Октябрь” кинотеатрында Кыргызстан Элдик Кыймылынын 5-курултайы болуп өттү. Анда президенттик шайлоодон кийин өлкөдө коомдук-саясий абалды кантип жакшыртуу, социалдык-экономикалык жана Конституциялык реформага байланыштуу маселелер каралды. Курултай соңунда Элдик кыймыл тарыхый миссиясын аткарып бүткөндүгүнө байланыштуу делегаттар аталган кыймыл “Кыргызстан” коомдук саясий кыймылы болуп түзүлсүн деген резолюция кабыл алышты.

Кыргызстан элдик кыймылынын 5-курултайына өлкө аймагынан 150 делегат жана 100дөн ашуун атайын чакыртылган меймандар, азыркы бийлик башындагылар катышты. Курултайды Башкы прокурор Азимбек Бекназаров ачып, күн тартибиндеги каралуучу маселелер менен тааныштырды. Анда президенттик шайлоодон кийин өлкөдө коомдук-саясий абалды кантип жакшыртуу жана Кыргызстан Элдик Кыймылы экс-президент Аскар Акаевдин бийлигин кулатуу багытындагы негизги максатын ишке ашыргандыгына байланыштуу, кайрадан башка саясий кыймылга айландыруу маселеси каралды.

Алгы сөз президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге берилди. Ал элдик ыңкылаптын себептерине, өлкөдөгү социалдык-экономикалык оор кырдаалга токтолуп, мамлекетти кандай жол менен өнүктүрүү багыттарына токтолду. Бакиев өлкөдөгү саясий партиялардын санын кыскартууну, аз сандагы күчтүү партияны түзүүнү сунуштады:

- Биз күчтүү партияларды түзүп алсак, ошондо гана жакшы келечекке жетебиз. Күчтүү партияларды түзсөк жаштарды, кыз-келиндерди парламентке алып келсек болот. Күчтүү партияларды түзсөк түндүк-түштүк маселеси болбойт.

Ал ошондой эле Феликс Кулов менен мунасага барып, бир пикирге келишкени коомдогу туруктуулукту пайда кылганын билдирди:

- Ачык айтып коюш керек. Эгерде Феликс Кулов менен бирикбей, экөөбүз эки жаат болуп чыксак кандай болот эле. Чыр-чатак, жаңжал болмок.Тополоң болмок. Ошонун кереги бар беле? Жок!

Ал эми Анжиан окуясына байланыштуу Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайда кармалып турган Өзбекстандык 29 атуулдун 12син өзбек тарапка өткөрүп берүүгө каршы эместигин билдирди:

- Ал эми 12 киши боюнча буларды айтаар элем. Кылмыш жасагандар, адам өлтүргөндөр, жардыргандар тууралуу эки өлкөнүн, Өзбекстан менен Кыргызстандын прокурорлору иликтеп далилдеген болсо, БУУнун адистеринин катышуусунда чындыгында эле бул адамдар оор кылмыштарды жасаган болсо, аларды өз өлкөсүнө кайтарып бериш керек.

Курманбек Бакиев ошондой эле эл ишенип шайлагандан кийин жоопкерчилик эки эсе жооптуу болгонун, эл үчүн ак, таза, калыс иштөөгө, жоопкерчиликти сезүүгө өзүнүн командасын чакырды. Курултайда Конституциялык реформага байланыштуу маселе да козголду. Баш мыйзамды реформалоо боюнча Азимбек Бекназаров төмөндөгүдөй сунушун айтты:

- Урматтуу Курманбек Салиевич! Сиз август айында президент болуп бекигенден кийин Конституциялык реформаны жүргүзсөңүз. Жаңы Конституциялык кеңеш түзсөңүз. Ошол жаңы кеңеш Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыкса дагы, анан элдин талкуусуна коюп, элдин сунуш-пикирлерин Конституциялык кеңеш иштеп чыгып, сизге сунуштаса. Аны эл аркылуу референдум жолу мененби же парламент аркылуу кабыл алуу керекби, ал президенттин өз иши.

Анын сунушун Курманбек Бакиев колдоп, мындай пикирин айтты:

- Баш мыйзамга реформа болот. Сөзсүз түрдө расмий ишке киришкенден кийин президенттин жарлыгы менен Конституцялык кеңешмени жаңы түзүү керек. Өткөн Конституциялык кеңешме шашылыш түрдө түзүлүп калды. Парламент шашылыш түрдө атайын түзүп алып, калыстык болбой калды. Бул маселени кайра карашыбыз керек.

Курултайда Данияр Үсөнов экономикалык маселелерге токтолуп, бир катар заводдор ишке киргизилээрин, соцалдык камсыздандырууну реформалоону, салык, кошумча нарк салыгында өзгөртүүлөр болоорун, электр тармагына негизги көңүл бурулаарын билдирди.

Башкы прокурор Азимбек Бекназаров Элдик ыңкылаптын тарыхына, кандайча уюштурулуп, кандай жол менен ишке ашырылгандыгына токтолду.

Роза Отунбаева, Дастан Сарыгулов, Үсөн Сыдыков, Исмаил Исаков, Николай Байло жарыш сөзгө чыгышып, Элдик Кыймылдын келечектеги иштерине сунуштарын билдиришти. Курултай соңунда Элдик Кыймыл өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүткөндүгүнө байланыштуу «Кыргызстан коомдук саясий кыймылы» болуп кайрадан түзүү тууралуу резалюция кабыл алынды. Үч адамдан турган аткаруу комитети түзүлүп, тең төрагалыгына Топчубек Тургуналиев, Данияр Үсөнов, Алишер Абдымомунов шайланды.

Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун Элдик Кыймылдын курултайынын жыйынтыгына нааразы болгонун жашырган жок.

- Курултай туура эмес жыйынтык чыгарды. Биринчиден Курманбек Бакиевди бул кыймылга мүчөлүккө киргизип, эл тарабынан шайланган таза президентти кээ бир таза эмес министрлер, мамлекеттик чиновниктер өздөрүнүн Координациялык кеңешинин курамына кошуп алып, Курманбек Бакиевдин абройуна шек келтиришет. Туура эмес. Бакиев эч бир кыймылга, эч бир партияга мүчө болуп кирбеш керек. Ал кишинин артына жамынып алып кыймылга Бакиев да кирди, биз да барбыз деп опурулганы туура эмес. Бийлик башындагылар өздөрү кыймыл түзүп, анан кантип коррупцияга каршы күрөшөт.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюумунун жетекчиси Азиза Абдырасулова болсо курултай бир топ кемчиликтер менен өттү деп эсептейт:

- Мен курултайга конок катарында катыштым. Бүгүнкү курултай бир топ эле кемичиликтер менен өттү. Биринчиден жыйында министрдин милдетин убактылуу аткаруучулар, бийлик башындагылар, Башкы прокурор, Президент баш болуп анын командасы сүйлөдү. Ал эми аймактардан келген карапайым адамдарга сөз берилген жок. Экинчиден бардыгы атайын сценарий менен алдын ала дайындалып, анан ошону делегаттарга таңуулагандай болуп калды. Курултайга Элдик кыймыл жарандык көзөмөл жүргүзүүчү уюм болуп түзүлөбү деген үмүт менен келгем. Ал үмүтүм акталган жок.

XS
SM
MD
LG