Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

БАКИЕВ МЕНЕН РАМСФЕЛД ГАНСИ БАЗАСЫ ТУУРАЛУУ СҮЙЛӨШҮП ЧЕКТЕЛБЕЙТ


Кыргызстанга иш сапар менен келген АКШнын Коргоо катчысы Доналд Рамсфелд шейшембиде (эртең) Кыргызстандын жаңы жетекчилиги менен жолугуп, сүйлөшүү жүргүзөт. Рамсфелддин Бишкек сапары президент болуп шайланган Курманбек Бакиевдин «расмий Вашингтон Манас аба майданындагы Ганси аскер базасындагы аскерлерин чыгарып кетүү мөөнөтүн аныкташы керек» деген билдирүүсүнөн кийин жасалып жаткандыктан, эл аралык коомчулукта да бул маселе өзгөчө назарда турууда.

Үстүбүздөгү жылдын 24-мартында элдик ыңкылап жеңип чыккан соң, Кыргызстандын жаңы өкмөтү Кошмо Штаттардын Коргоо катчысын ушуну менен экинчи жолу тосуп алууда. Апрелде келген чагында Доналд Рамсфелд мырза Кыргызстандын жаңы бийлигине колдоо көрсөткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев да террорчулукка каршы эл аралык өнөктүктө Кыргызстан АКШнын шериги болуп кала берээрин ырастаган.

Ал эми үстүбүздөгү айдын башында Кыргызстандан тышкары Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдүн башын кошкон Шанхай Кызматташтык Уюму өзүнүн Астана шаарындагы саммитинде Кошмо Штаттар үчүн Борбордук Азиядагы аскер базаларын чыгарып кетүү кезеңи келгенин, АКШ аскерлерин аймактан чыгаруу датасын аныкташы керектигин белгилеген. Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү да Ганси аскер базасы эми анча зарыл болбой калды деген пикирин бир нече ирет кайталап айтып келишти.

Өткөн ишембиде (23-июлда) Курманбек Бакиев мырза Доналд Рамсфелддин иш сапарынын күн тартиби тууралуу токтолуп, расмий Бишкек Рамсфелд менен жалаң гана Ганси аскер базасы тууралуу сүйлөшүү жүргүзбөстөн, эки тараптуу кызматташтыктын башка олуттуу маселелери да талкууга алынаарын алдын-ала айткан:

- Биздин Америка (Кошмо Штаттары) мамлекети менен бир гана аскердик жактан эмес, биздин экономикалык жактан да мамилебиз бар, мына көп жылдардан бери. Ошондуктан бул иш сапар маалында биздин экономикалык карым-катнашыбыздын маселеси сөзсүз каралат. Коопсуздук маселеси да талкууга алынат.

Орусиянын «Время новостей» басылмасы расмий Вашингтон Кыргызстандын жаңы бийлигине 200 миллион доллардык насыяны эч кандай пайызы жок шарт менен бериши ыктымал жана бул тууралуу Рамсфелд Бишкекте жарыя кылышы күтүлөт деп жазып чыкты. Бирок бул маалымат азырынча тастыкталган жок.

Ал эми Жаңжалдык кырдаалдарды иликтөөчү эл аралык уюмдун Борбордук Азия долбоорунун Бишкектеги жетекчиси Майкл Холл мырза (Michael Hall) Кыргызстандагы окуялар менен жалпы эле Борбордук Азиядагы кырдаалды салыштырып иликтөө зарылчылыгын белгилейт. Бирок АКШнын каржылык жардамын «Кыргыз бийлигин сатып алуу аракети катары» баалоого болобу?

Кесиптешибиз Гүлноза Саидазимованын суроосуна Майкл Холлдун жообу төмөнкүдөй болду:

- Менимче, эл аралык коомчулукта Өзбекстанда азыркыдан алда канча көбүрөөк туруксуздук болушу ыктымал деген санааркоо бар. Демек, бул оор жагдай жалпы эле Борбордук Азиядагы аймакка өз кесепетин тийгизбеши үчүн, анын коңшу өлкөлөрүнө колдоо көрсөтүү да зарыл го дейм. Дегиңкиси, мында кайсы бир деңгээлде Кыргыз өкмөтүн «ийитип алуу» аракети жок эместир. Бирок аймактагы туруктуулук өтө опурталдуу болуп турган чакта, АКШнын бул көмөк кылуу аракети анын аймактагы туруктуулукту чыңдоого болгон чын жүрөктөн жасалган далаалатынын бир бөлүгү катары деле каралса болот.

Өткөн аптада АКШнын Сенаты Кыргызстандагы демократиялык жараянды колдоого алуу максатында өлкөгө 35 миллион доллардык каржылык жардам берүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырган эле.

Депутат Кубат Байболов сыяктуу кыргызстандык бир катар саясатчылар жана Рамазан Дырылдаев сыяктуу белгилүү укук коргоочулар расмий Бишкекти азыркы өткөөл доордо геосаясаттагы тең салмактуулукту камсыз кылуу үчүн Ганси аскер базасын сактап калууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG