Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

ИСМАИЛ ИСАКОВ: "ГАНСИ АТЫНДАГЫ БАЗА ООГАНСТАНДА АБАЛ ТУРУКТАШКАНЧА ТУРАТ"


АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков Ганси атындагы аскер базасы Кыргызстанда Ооганстандагы абал турукташканча кала берет деп билдирди. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев буга чейин орусиялык массалык маалымат каражатына берген интервьюсунда Ооганстанда абал турукташып калды, ошондуктан аскер базанын качан чыгаарын тактоого эмне үчүн болбосун деген эле.

АКШнын коргоо министри Ганси атындагы база тууралуу оюн так айткан жок, анын ордуна ал жалпы Борбор Азиядагы Америка базалары тууралуу пикирин айтып, ал базалар ар бир мамлекеттин өз ара макулдугу жана эки тараптуу келишимдердин нрегизинде ачылган деп билдирди. Д.Рамсфелд аймактагы базалардын жабылыш коркунучу жок деген оюн айтты.

Ал эми Ганси атындагы база тууралуу пикирин билдирген Исмаил Исаков Ооганстандагы абалга жараша бул аскер базасынын тагдыры чечилээрин эскертип, "мырза министр (Д.Рамсфелд) айтып жаткандай Ооганстандагы абал биротоло турукташа элек" деп кошумчалады.

Ошентип АКШ коргоо министри менен Кыргызстандын жаңы жетекчилигинин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Ганси атындагы аскер база азырынча жабылбай турганы анык болду.

Алыстан ат арытып келген министр ошентип өз максатына жеткендей болду.

Эсиңиздерге сала кетели - 5-июлда Астанада Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин жыйынында АКШнын Борбор Азиядагы аскерий базаларын жабуунун мөөнөтүн тактоо маселеси козголгон. Кытай менен Орусиянын пикири боюнча аймакта АКШнын аскер базаларынын турганына көп деле зарылчылык жок.

Сүрөттө: Доналд Рамсфелд

XS
SM
MD
LG