Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

АКШ АБА КҮЧТӨРҮ КЫРГЫЗСТАНДАН АЗЫРЫНЧА ЧЫГАРЫЛБАЙТ


26-июлда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд менен жолугушту. Жолугушууда Бакиев Кыргызстандагы президенттик шайлоо демократиялык эрежелердин негизинде өткөнүн белгиледи. Кыргызстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков Доналд Рамсфелд менен жолугушкан соң Ооганстанда абал оңолмойунча АКШнын аба күчтөрү Кыргызстандын аймагында кала берээрин билдирди.

26-июлда эртең менен Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков Доналд Рамсфелд менен Коргоо министрлигинде жолугушту Аны Исаков кыргыз тилинде жүргүздү. Исаковдун айтымында, жолугушууда «Тынчтык үчүн кызматташтык» программасынын алкагында өнөктүк, жоокерлерди окутуу, чекара коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактоо, экстремизмге каршы күрөшүү, аскерий кызматташтык боюнча сүйлөшүү жүргөн.

Андан кийин өкмөт үйүндө президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Рамсфелд менен жолугушуп, анда саясий-экономикалык, эки тараптуу кызматташтык, Борбор Азия аймагынын коопсуздугун камсыз кылуу, эл аралык террорчулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Журналисттер үчүн өткөрүлгөн протоколдук жолугушууда, Бакиев Кыргызстанда жакында өткөн президенттик шайлоо акыйкат тынч, демократиялык негизде өткөнүн билдирди. Ал өлкөдө демократияны өнүктүрүүдө АКШнын кошкон салымын баса белгиледи:

- Өлкөдө президенттик шайлоо мыйзамдын чегинде, демократиялык негизде өткөндүгүнө АКШнын да өзгөчө салымы бар. АКШ Кыргызстанга моралдык-материалдык жактан ар түрдүү жарамдарды берүүдө.

Ал эми Доналд Рамсфелд Кыргызстандагы президенттик шайлоонун ачык, айкын, таза, тынч жагдайда өтүшүнө бүткүл дүйнө көңүл бурганын, чет элдик уюмдардын, байкоочулардын баамында, президенттик шайлоо эл аралык эрежелерди сактап, демократиянын негизинде өткөндүгүнө ыраазылыгын билдирди. Ошондой эле Доналд Рамсфелд Курманбек Бакиевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады:

- Бул шайлоодо Кыргызстандын эли жана сиз жеңишке жетиштиңиздер. Силердин шайлоодогу ийгилигиңер, демократиялык өнүгүү жолу менен бараткан чечкиндүү багытыңар, коррупцияга каршы күрөшүңөр бардык өлкөлөрдүн колдоосуна алынат деп ишенем.

Пентагондун жетекчиси саясий өнүгүү менен катар мамлекеттин гүлдөшү үчүн экономикалык өнүктүрүүнү унутпоону эскерте кетти. Ал ошондой эле эки тараптуу саясий-экономикалык байланыштан сырткары, аскерий багыттагы кызматташууну өзгөчө бааларын билдирди.

Кыргызстандын Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен Доналд Рамсфелд да журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Анда «Манастагы» Ганси авиабазасын Кыргызстандан чыгаруу мөөнөтүн тактоо маселесине Исмаил Исаков мындайча токтолду:

- Авиабазанын Кыргызстанда жайгашышы толугу менен Ооганстандагы кырдаалга жараша болот. Эгерде Ооганстанда кырдаал дурус болсо, анда суроо башкача коюлат эле. Ошондуктан министр мырза туура баамдады, Ооганстандагы кырдаал толук турукташа элек. Ооганстанда абал оңолмойунча АКШнын аба күчтөрү Кыргызстандын аймагында кала берет

Ал эми Астанда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюумунун саммитинде уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Борборазиядагы аскер базаларын чыгаруунун мөөнөтүн тактоо маселесине байланыштуу Доналд Рамсфелд, ал уюмга расмий катышпаган соң жана АКШ уюмга мүчө болбогондуктан ШКУга мүчө мамлекеттердин жетекчилери кандай максат менен бул маселени көтөргөнүн билбестигин белгиледи. Ошондой эле Рамсфелд Борбор Азияда АКШнын аба күчтөрүнүн жайгашуусу эч кандай коркунуч туудурбастыгын, авиабазалардын жайгашуусу эки тараптуу келишимге ылайык жүргүзүлгөндүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG