Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

ӨЗБЕК БОЗГУНДАРЫН ҮЧҮНЧҮ МАМЛЕКЕТКЕ АЛЫП КЕТҮҮ ИШИ БАШТАЛДЫ


27-июлда эртең менен Сузактын Сасык-Булак аймагында жайгашкан өзбек бозгундарын автобус менен Жалалабат шаарындагы аэропортко ташый башташты. Аларды бөлүп-бөлүп, ЯК-40 жана АН-2 учактарына салып, "Манас" аэропортуна жеткире баштады.

"Азаттыктын" кабарчысы Аида Касымалиеванын маалыматына караганда өзбек бозгундары ушул тапта "Манас" аэропортунун жанындагы Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын имаратында жайгаштырылды. Аларга журналисттер киргизилбей жатат.

Бозгундардын өздөрү кайда барарын билишпей турганын айтышууда. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги болсо баардык маалыматты БУУнун качкындар боюнча комиссариаты бере турганын айтты. Ал мекемеден да тыңгылыктуу кабар алууга мүмкүн болбой жатат.

Айрым саясатчылар өзбек бозгундарынын башка мамлекеттерге жөнөтүлө башташына АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин Кыргызстанга 25-26-июлда жасаган сапары түрткү бериши ыктымал деп жатышат.

Ушул тапта Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайда 29 бозгун жатат, алардын мурда Өзбекстандын аймагында кылмыш жасаган же жасабаганы азыр такталууда.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Ошто кармалып турган бозгундардын тагдыры Кыргызстан-Өзбекстан-БУУнун качкындар боюнча комиссариаты тарабынан биргелешип чечилүүгө тийиш деген эле.

Өзбекстандын бийлиги бозгундарды кайтарып берүүнү ырасмий Бишкектен көшөрө талап кылып келатканы белгилүү.

Сүрөттө: Өзбек бозгундары Бишкектеги "Манас" аба майданында

XS
SM
MD
LG