Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

ТҮНДҮК КОРЕЯ БОЮНЧА АЛТЫ ТАРАПТУУ СҮЙЛӨШҮҮ БАШТАЛДЫ


Жаңыл Жусубжан Бейжиндин катуу кайтаруудагы Диао Утаи мейманканасындагы жыйынга АКШнын, Орусиянын, Жапаниянын, Кытайдын, Түндүк жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү катышты.

Түндүк Кореялык делегациянын башчысы Ким Кие-Гван анын өлкөсү Корея жарым аралын атомдук куралдан арылтуу ишине кошулууга даяр экенин бышыктады:

- Биз Корея жарым аралынын бардык аймагында ядролук согуш коркунучунан арылышыбыз керек. Бул ядролук куралсыз жарым арал үчүн аракеттенип жаткан тараптардан стратегиялык чечимдерди жана саясий чечкиндүүлүктү талап кылат.

Ал ошондой эле башка өлкөлөр, анын ичинде Кошмо Штаттары жылыш жасоого даяр деген көз карашын кошумчалады. Америкалык делегациянын жетекчиси Кристофер Хилл өз кезегинде Вашингтондун Түндүк Кореяга кол салууга нийети жок деп ырастады:

– Биз Корея Элдик Демократиялык жумурияттын суверендүүлүгүн тааныйбыз. Кошмо Штаттарынын ага кол салууга же басып кирүүгө эч кандай нийети жок жана биз жумурият менен азыркы сүйлөшүүлөрдүн контекстинде эки тараптуу сүйлөшүүгө даярбыз.

Кристофер Хилл ошол эле учурда Вашингтондун Түндүк Кореянын ядролук пландары тирешүүгө түрткү болуп жатат деп эсептээрин белгиледи. Арийне, Орусия президентинин Ыраакы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Константин Пуликовский Түндүк Кореянын бир жылдан бери сүйлөшүүдөн четтеп калганы үчүн Вашингтондун келишпес турумун күнөөлөдү.

Кытай Түндүк Кореяны акырындык менен куралсыздандырууну жактайт. Айрым байкоочулардын айтымында, Вашингтондун Түндүк Кореяны жекелөө аракетинин суу кечпей калышы Түштүк Кореянын түндүк коңшусуна экономикалык жардам бере баштаганынан улам болду. Түштүк Корея бүгүн Түндүк Кореяга 500 миң тонна күрүч жибере баштады. Түштүк Корея ошондой эле чийки заттар менен жардам берүүнү сунуш эткен. Бул өлкө ошондой эле Түндүк Корея ядролук программасынан баш тартса, өлкөнүн электр кубатына болгон талабын дээрлик толугу менен камсыздоого нийетин билдирүүдө.

Бүгүнкү сүйлөшүүдө Түштүк Кореянын өкүлдөрү Кошмо Штаттарын Түндүк Кореяга экономикалык жардам көрсөтүп, ишенимдүү коопсуздук кепилдигин берүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG