Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

АМЕРИКАЛЫК ГЕНЕРАЛ РИЧАРД МАЙЕРС КЫЗМАТТАН КЕТҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ аскерий күчтөрүнүн биргелешкен ордосунун башчысы генерал Ричард Майерс 25-июлда Вашингтон шаарында журналисттер менен жолугуп, 30 сентябрда анын төрт жылдык мөөнөтү аяктаганда кызматтан чегине турганын жарыялады. Эксперттердин айтымында, Майерс өз милдеттерин жалпысынан так аткарган менен бир топ саясий иштерге да кийлигишкен.

АКШ Мамлекеттик катчылыгы жыл сайын чыгарган отчетунда 2004-жылы Өзбекстандагы адам укуктарынын абалын катуу сынга алгандан соң, Ташкенге мурда убадаланган 18 миллион долларлык жардамды берүүгө Конгресс тыюу салган. Бирок ошол эле жылы Ташкенге генерал Ричард Майерс келгенде, АКШ Коргоо министрлиги Өзбекстанга 21 миллион доллар жардам көрсөтө турганын жарыялап, Конгресстин чечимин "сокурдук" деп атаган.

Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Астанада өткөн бийик жолугушуусунда Шанхай кызматташтык уюму атайын декларация кабыл алып, Кыргызстан менен Өзбекстандагы америкалык аскерий базаларды чыгарып кетүү мөөнөтү такталууга тийиш деп билдирген. Америкалык башка жетекчилер ага жооп катары - андай маселелер эки тараптуу деңгээлде чечилүүгө тийиш десе, генерал Майерс 14-июлда Вашингтон шаарында журналисттер менен жолукканда, Шанхай уюмуна кирген Кытай менен Орусия башка мүчө-мамлекеттерди коркутуп ушундай чечим кабыл алдырган деп билдирди.

АКШнын мурдагы вице-президенти Алберт Гордун коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси Леон Фөрттун айтымында, мындай жарыяларды аскерий генерал эмес, Мамлекеттик департаменттин дипломаттары жасаганга жарашат:

Бул жерде адамды таң калтырган нерсе - андай жарыяны өкмөттүн башка мүчөлөрү эмес, Майерс жасап жатканында. Бардык башка өлкөлөрдө андай иштер үчүн тышкы иштер министрлиги жооптуу болот. Бул өкмөттө болсо тышкы саясат боюнча билдирүүлөр коргоо министри тарабынан жасалып жатканы көнүмүш ишке айланып кетти. Андай жарыяны аскерий күчтөрдүн биргелешкен ордосунун башчысы жасап жатканы андан да таң калаарлык.

Анткен менен башка эксперттердин пикиринде, генерал Майерс америкалык аскерлерди кыйын кезеңде башкарды, анын учурунда АКШ Ооганстан менен Иракта эки согуш баштады жана бир топ аскерий реформа ишке ашырылды. Конгресстин мурдагы депутаты Билл Френзелдин айтымында, генерал Майерс өз милдеттерин так аткарды:

- Жалпысынан алганда, ал өтө оор шарттарда өз ишин жакшы аткарды. Эки согуш жүргүзгөндөн тышкары, дал ушул мезгилде коргоо министри бир топ реформа баштады - бюджетти өзгөртүү жана азыркы гана согуш эмес, келечекте керек боло турган курал менен башка нерселер боюнча - жана Майерс анын баарын ишке ашырууга аракеттенди.

1942-жылы туулган Майерс аскерий академия бүткөн эмес, ал жөн гана Канзас шаарындагы университеттеги окуусун аяктагандан кийин аскерий кызматка өтүп, учкуч болгон жана кийин АКШнын космостук коргонуу күчтөрүн башкарган. 2000-2001-жылдарда Майерс аскерий күчтөрдүн биргелешкен ордосунун башчысынын орун басары болуп иштеген жана сентябрдагы террордук аракеттерден кийин президент Жорж Буш аскерий реформа жүргүзүүгө киришкенде, ал ишке ордонун башчысы Генри Шелтонду эмес, анын орун басары Майерсти тарткан. Анткен менен Шелтон аскерий ордону эки мөөнөт - сегиз жыл башкарган.

XS
SM
MD
LG