Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

БОЗГУНДАР ЖАЛАЛАБАТТАН УЧАК МЕНЕН ТАШЫЛЫП КЕТТИ


27-июлда Жалалабат облусундагы качкындар лагеринен жалаң эркек бозгундар учак менен белгисиз жакка ташыла баштады. Алардын кайда, кайсы өлкөгө ташылып баратканы жөнүндө адам укугун коргоочулар, эркин журналисттер, Акыйкатчынын облустагы өкүлдөрү да маалымат ала алышпады. Бозгундарды ташуу жөнүндө маалымат берилбегендиктен айрым адамдар качкындар лагеринен бардык эркек бозгундар чыгарылып кетти окшойт деп болжошууда.

Бозгундар лагери таң саартан ички иштер кызматкерлери тарабынан тосулуп турду. Аэропорттун аймагына кирүүгө жана учак аркылуу кайдадыр ташылып бараткан бозгундар менен сүйлөшүүгө, көз каранды эмес журналисттерге, облустагы адам укугун коргоочулар менен Акыйкатчынын өкүлүнө да мүмкүнчүлүк берилбеди:

- Алар менен автобустун айнегинен сүйлөштүм. Мен лагерге барып жүргөндө ушулардын арасындагы жигиттерди көргөм. Күзөттө турган балдарга көрсөтмө берилген экен, эч кимди жолотпогула деп. Маалыматтар боюнча, качкындарды үчүнчү мамлекетке жиберилет дешти эле. Булардын үчүнчү мамлекетке жөнөтүлүшү боюнча менде шек жок - деди, Акыйкатчынын өкүлү Алима Аманова.

Курчоого алынган аэропорттун сыртынан бозгундардын кыймылына көз салган адамдардын бири окуяга түшүнбөй жаткандыгын билдирди:

- Жууркан-төшөктөрү бар экен, ар кандай кийим-кечектерин көтөрүп алышкан. Автобустарды жөнөтүп атат, самолеттрго салат окшойт. Жөнөкөй адамдарды жакын жолоткон жок, эмне болуп атканын биз билбейбиз.

Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча башкы комиссариатынын өзгөчө кырдаалдар боюнча өкүлү Ванно Нупек маалымат берүүдөн баш тартып, бозгундарды ташуу операциясы бүтмөйүн эчтемке айта албастыгын, өзү да бозгундар менен учакта бирге кетерин, бирок бардык бозгундар облустун аймагынан ташылып кетерин билдирди. Миграция кызматынын түштүк аймагынын башчысы да азырынча маалымат бере албай тургандыгын айтты. Коомчулукта бозгундар тууралуу туура түшүнүк болбой, божомол пикир калды.

Эркин журналист Жалил Сапаров «лагердеги 426 бозгундун 17си бала, 76сы аял болгондуктан 300дөн ашык эркек бозгун ташылды окшойт» - деген ойдо:

- Лагердеги 426 кишиден 323төй эркекти алып чыгып кетишти. Ал жердеги 76 аял менен 17 жаш бала келген автобустардан түшүшкөндө биздин көзүбүзгө чалдыккан жок. Маалымат алууга аракет кылдык. Бирок эч кимге эч кандай маалымат берүүдөн баш тартышып, журналисттерди да жакын жолотушпай жатат. Биздин көргөнүбүзгө караганда, бараткан качкындардын маанайы ачык, жакшы. Алар чоң нерседен кутулгандай болуп сүйүнүп кетип атышат.

МАИнин коштоосунда 7 автобус менен келишкен бозгундар кол булгалашып “ЯК-40» жана «Ан-24» тибиндеги учактар менен сапар алышты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG