«Түндүкэлектр» акционердик коомунун коммерциялык директору Таалайбек Ибраевдин ырасташынча, тармактагы техникалык жана коммерциялык жоготуулардын себеби биртоп.
- Электр эсептегичтер 30-40 жылдан бери колдонулуп, эскилиги жетип калды. Экинчиси, элибиздин жакырчылыгынан болгон уурулук. Биздин өзүбүздүн күчүбүз менен жана чет элдик долбоордун жардамы менен электр эсептегичтердин 10% гана алмаштырууга каражатыбыз жетет. Анан калганын 90% счетчиктерди алмаштырыш керек. Мыйзам тарабынан азыр электр энергиясы кызмат көрсөтүү деп алынып жатат. Ошону өзгөртүп, мыйзамдаштырып берсе жоготууларды эки эсе азайтса болот деп ойлойм. Азыр биз 1-августтан тарта электр жоготууларын азайтуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Энергетика боюнча мамлекеттик агенттик бизге жоготууларга 30% уруксат берген. Ага коммерциялык жана техникалык жоготуулар кирет. Ошондуктан ар бир электр бөлүштүрүү компанияларында 3 000 колдонуучудан турган бөлүштүрүүнү ижарага берип жатабыз.
Энергетиктер ушу тапта жеке тараптарга белгиленген электр тарифи азыркыдай 150 кВт саатка чейин 43 тыйындан андан ашканы 80 тыйындан болбой орточо баа менен белгиленсе дурус болор эле деп эсептешет. Ага кошумча, электр тогун уурдаган адамга берилчү жаза минималдуу эмгек акынын 3 эсе өлчөмүндөгү айыппул - 300 сом анча деле оор эмес. Бишкек шаардык финансы полициясынын регионалдык башкармалыгынын жетекчиси Надырбек Турганбаевдин маалымдашынча, электр энергиясын уурдоочуларга тармактын кызматкерлеринин өзү көмөктөшөт. 2003-жылы электр энергиясын уурдоолорго байланышкан 69 кылмыш иши ачылып, 14 миллион ашуун сомдун кымтылып кеткени белгилүү болгон.
- Анын 27 кылмыш иши кызмат ишинен кыянат пайдалангандыктары үчүн ачылган. Бул жалпы көрсөткүчтүн 30% түзөт,- дейт Н.Турганбаев.
Жыл санап тармактагы мыйзам бузуулар арбып баратканын көрүп өкмөт жоготууларды быйыл 10% азайтуу милдетин койгон.
Бишкектин Свердлов райондук электр тармактар ишканасынын инспектору Жигитбек Кенжебаевдин ырасташынча, жаңы электр эсептегичтери орнотулган соң кыйла маселелер чечилет.
- Мына электр счетчиктери эми сыртка коюлуп жатат. Буга чейин бизде жоготуулар 67% чейин жеткен. Эсептегичтер коюлгандан кийин эксперимент кылып көрдүк. Мына июль айында пилоттук долбоорго өттүк. Ошондо жоготуу 30% - 27% болду
Москва райондук электр тармактарынын жетекчиси Кубанычбек Чыныбаев бул жаатта кыйла иштер жасалып жатканын билдирди:
- Анан Кудай буюрса, августтун 1-2синде контролдук көрсөткүчтөрдү алабыз. Ошондо баары ачыкка чыгат. Азыр болсо анализ кыла элекпиз.
Кыргызстанда электр энергиясы арбын өндүрүлгөнү менен анын акысын убагында төлөбөгөндөрдүн айынан тармакта биртоп маселелер дагыле чечилбей турат.