Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

АКШнын КОСМОСТУК ЧӨЛМӨК ПРОГРАММАСЫ АЯГЫНА ЧЫГУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 26-июлда Америка Кошмо Штаттары космоско ийгиликтүү жаңы чөлмөк кеме учурду. "Дискавери" деп аталган ал чөлмөктүн ичиндеги сегиз астронавт эл аралык космос станциясына барып 12 күн иштейт.

2003-жылдын февралында "Коламбия" деген чөлмөк кыйрап, анын ичиндеги жети астронавт курман болгондон кийин АКШнын НАСА деп аталган агенттиги космоско башка чөлмөк учурган эмес. Азыркы "Дискаверинин" учурулушу дагы эки жолу кийинкиге калтырылган, ал учуп чыгып жатканда жазылып алынган видеодо болсо чөлмөктүн капталынан бир нерсе чыгып кеткени жазылып калган. Адистер азыр аны иликтеп жатат.

2003-жылы дагы "Коламбия" космоско учурулганда ушуга окшош окуя болуп, кийин ал жерге кайтканда, дал ошол капталындагы сыныктан өрт чыгып, чөлмөк кыйраган. Бирок адистер эки жылдын ичинде - эгер чөлмөктүн капталына зыян тийсе, аны космосто оңдоо мүмкүнчүлүгүн түзүштү.

Анткен менен чөлмөктөрдү учуруу прогрмаммасы АКШда 2010-жылга карата токтотулмай болду. Мындан бир жарым жыл мурда президент Жорж Буш жаңы максат коюп, 25 жылдын ичинде америкалыктар Марс планетасына барып конууга тийиш деп жарыялаган.

Вашингтон университетиндеги Космос интститунун деректири Жон Логсдондун айтымында, ага даярдык катары астронавттар Айды өздөштүрүүгө тийиш:

- НАСА азыр Айга кайтып келүү планынын үстүндө иштеп жатат жана он жыл ичинде Айдын бетинде атайын станция курулат. Ал станция Айдагы иштер үчүн дагы жана келерки 25 жыл ичинде Марска адам жеткирүү үчүн дагы пайдаланылат.

КАТО институнун эксперти Эдвард Хаджинстин айтымында, космостук чөлмөк программасына абдан көп акча коройт жана ал каражатты Марс программасына колдонгон жакшы:

- Жыл сайын биз чөлмөктөр жана космостогу станцияга 7-8 миллиард доллар коротобуз жана ал акчаны - космосто саякат жасай ала турган программаларга колдонсо болот.

Адистердин эсебинде, Марска адам жеткирүү үчүн жыйырмадан отузга чейин миллиард доллар керек болот.
XS
SM
MD
LG