Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:40

КАРЛОС ЗАКАНИНИ: “КАЧКЫНДАРДЫН КАЙСЫ ӨЛКӨГӨ БАРААРЫ АЗЫРЫНЧА АЙТЫЛБАЙТ”


Аида Касымалиева, Бишкек 27-июлда эртең менен саат 10дон тарта Сузактын Сасыкбулак аймагында жайгашкан өзбек качкындары Жалалабат шаарынан Бишкектеги "Манас" аба майданына ташыла баштады. Качкындар азырынча аба майданга жакын жердеги Экология жана чукул кырдаалдар министрлигине тиешелүү имаратка жайгаштырылды. Кечке жуук качкындардын жума күнү үчүнчү өлкөгө чыгарылып кетээри маалым болду.

Бишкекке учуп келген бозгундардын алгачкы бөлүгү жалаң эркектерден гана турду.

- Аялдар балдар менен кудай кааласа кийинки рейстер менен учуп келип калышат, - деди качкын Каримберди Ашуров.

Анын айтымында, азырынча качкындар лагериндеги адамдардын ден-соолугу жакшы, алар кайсы өлкөгө кетип жаткандыгын билишпейт, бирок кетүүгө даяр. Каримбердинин үй-бүлөсү Өзбекстанда калган. Бирок ошого карабастан ал мекенине баргысы жок.

- Кайсы өлкөгө учушубуз боюнча азыр анык маалыматка ээ эмесмин. Өзбекстанга азыркы учурда баргандан көрө, башка мамлекетке кетүүгө мажбур болуп жатабыз. Кыргызстанда жашап жатканда да Өзбекстан тарабынан коркунучту сезип жаттык. Менин үй-бүлөм Өзбекстанда калган. Алар Кыргызстанга келебиз деп аракет кылышты, бирок болбой калды. Мен да балдарыма керектирмин. Аларды баары бир көрөм деген үмүтүм үзүлбөйт.

Атын атагысы келбеген дагы бир качкын Кыргызстанга келгенден бери тынч жашадык, биз Кыргызстанга бирге келгенден кийин башка өлкөгө да бирге учуп кетебиз дейт:

- Балким Өзбекстанда да жакшы жашоо орноор. Ага чейин биздин тагдырыбыз белгисиз. Эртең эмне болоорун билбейбиз.

Качкындарды алып кетүү иш чарасы боюнча бул күнү кечке дейре эч кандай ырасмий маалымат айтылган жок. Кечки алтыда гана «Манас» аба майданында Бириккен улуттар уюмунун Качкындар боюнча комиссарлыгынын Кыргызстандагы миссия башчысы Карлос Заканини журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, буларды билдирди:

- Үчүнчү мамлекетке жалпысынан 451 качкын эвакуацияланат. Качкындарды кабыл алуучу өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн алар кайсы мамлекетке барышаарын ачык айта албайм.

Качкындардын канчасы Бишкекке алынып келгендиги тууралуу да маалымат болгон жок.

Карлос Заканини кылмышкер деген шек менен Ошто кармалып турган 29 качкынды да алып чыгып кетүүгө аракет көрүлөөрүн билдирди:

- Оштун тергөө абагындагы 29 качкынды да биз гуманитардык эвакуацияга киргизебиз. Аларды да Кыргызстандан алып чыгып кетүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз.

Жыйында качкындардын канчасы Бишкекке алынып келингендиги тууралуу маалымат болгон жок.

Сөзүнүн акырында качкындарды кабыл алып, аларды түшүнүп, убактылуу болсо да жардам көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз өкмөтүнө чоң ыраазычылыгын билдирди.

Качкындарды үчүнчү өлкөгө өткөрүү жараяны туурасында коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын лидери Эдил Байсалов мындай аракетти колдойт:

- Бул качкындар боюнча Кыргызстан абдан оор акыбалда калган. Бир жактан өзбек бийликтери басым көрсөтүшсө, бир жагынан эл аралык коомчулуктун алдында да жооп бериш керек. Бирок Кыргызстан бул ишти акырына чыгарышы зарыл. Оштогу 29 бозгун да үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилиши керек, себеби алардын күнөөсү сотто далилдене элек.

Ал эми Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын башчысы Турсунбек Акун бул аракетти качкындардын Кыргызстанга ишеним көрсөтпөгөнүнүн белгиси катары баалайт:

- Качкындардын үчүнчү өлкөгө кетип жатышы алардын бизге ишеним көргөзбөгөндүгүнүн белгиси да. Кыргызстан бардык милдеттемелерин аткарбай калган сыяктуу абал түзүлүүдө. Демек биздин бийлик өзбек качкындарынын ишенимине татыган жок.

Жалалабатта калган качкындарды ташуу бейшембиде да уланат. Аларды жума күнү үчүнчү өлкөгө алып чыгып кетүү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG