Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

ӨЗБЕК БОЗГУНДАРЫН ҮЧҮНЧҮ МАМЛЕКЕТКЕ АЛЫП КЕТҮҮ ИШИ УЛАНУУДА


Жалалабаттагы лагерде калган өзбек бозгундарынын калгандары да 28-июлда "Манас" аэропортуна жеткирилди. 27-июлда алардын үч жүздөйү Бишкекке алып келинген болчу. Алар Румыния аркылуу башка мамлекеттерге жашоого бет алышмакчы.

Бириккен улуттар уюмунун Качкындар боюнча комиссарлыгынын Кыргызстандагы өкүлү Карлос Заканини өзбек бозгундары кайсы мамлекетке кетээрин айталбай турганын 27-июлда маалымдаган.

Өзбек бозгундары 24-марттан кийин мамлекет башчылыгына келген жаңы бийлик үчүн оор сыноолордун бири болду. Бир жагынан кыргыз өкмөтү эл аралык коомчулуктун, экинчи жагынан коңшусу Өзбекстандын кысымына кабылды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс 14-августта өтө турган Курманбек Бакиевдин ант берүү аземине эгер кыргыз бийлиги 12 качкынды ырасмий Ташкендин колуна салып берсе катышпай турганын айтканын дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышты.

27-июлда Ош шаарындагы милициянын убактылуу кармоочу жайына Өзбекстандын номуру менен бир машина келгенин жана ушул тапта Ошто өзбек бийлигинин өкүлдөрү жүргөнүн укук коргоочулар маалымдап жатышат.

28-июлдан жыйырма тогузуна оогон түнү өзбек бозгундары "Манас" аэропортун таштап, үчүнчү мамлекетке бат алышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG