Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ДАГЫ КАНЧА ДЕПУТАТ КЕРЕК?


3-июлда № 11-Курулуш жана № 39-Куршаб шайлоо округдарынын беш участогунда кошумча добуш берүү өткөнү жатат. Мындай бүтүмгө Борбордук шайлоо комиссиясы сот чечимдеринин негизинде келген. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн дагы беш округда кайра шайлоо болушу болжолдонуп жатат. Алардын бири - №1-Университет шайлоо округунда БШКнын чечими боюнча шайлоо 18-июлда өтмөй болду.

№ 1-Университет шайлоо округундагы 27-февралда жана 13-мартта өткөн эки айлампадагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы №11-Курулуш жана № 39-Куршаб өңдүү ондогон шайлоо округдары сыяктуу эле коомчулуктун көңүлүн бурган ар кыл өңүттөгү чыр-чатактардын, нааразылыктардын жаралышын шарттаган. Айрым байкоочулар бул округдагы акыйкатсыздык 24-марттагы ыңкылапты ыңгайлаштырган башкы себептердин бири болуп калды деп санашып, аны экс элчи Роза Отунбаеванын каттоодон өтпөй калышы менен байланыштырышат.

Бирок ыңкылаптан кийинки соттук териштирүүлөрдүн тыянагы менен депутаттык мандатынан ажыратылган Бермет Акаева ал экс-президенттин кызы болгону үчүн гана саясий заказ аркылуу мандатынан кол жууганын бир нече курдай кайталаган.

- Бүт-бүт эл аралык байкоочулар болду, абдан ачык кампания болду меники, - деген Бермет Акаева «Азаттыкка» берген интервьюларынын биринде.
Анткен менен анын башкы атаандашы Болот Марипов экс-президенттин кызы үчүн бийлик бардык ресурстарды пайдаланды деп эсептеп, шайлоо округу бошогондон кийин кайрадан талапкердигин коюуга камданып жатат.

- Депутат катары өз салымымды кошуу үчүн мен кандай мүмкүнчүлүк болсо да пайдаланышым керек.

Болот Марипов жакынкы күндөрү БШКга талапкер катары каттоону сурап, арыз берерин маалымдады. БШКнын маалыматына караганда, азыр талапкер катары каттоону сурап, бир да жаран кайрыла элек. Бирок экс-спикер Медеткан Шеримкуловдун билдиргенине караганда, анын ушул эле округда шайлоого мурда катышкан ишкер уулу Кунай Шеримкулов да кайра катышууга камданып жатат.

Бермет Акаевадан айырмаланып, анын №57-Кемин шайлоо округунан шайланган иниси Айдар Акаевдин шайланышына каршы эч кандай арыз түшкөн жок. Бирок Башкы прокуратура аны кылмыш жасаганынан шектелди деп, депутаттык мандаттан ажыратууну сурап Жогорку Кеңешке кайрылган.

Төрага Өмүрбек Текебаевдин билдиргенине караганда, Башкы прокурордун сунушуна парламент күздө кайрылат:

- Регламент боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, ал бул маселени бир ай ичинде иликтеп чыгышы керек жана Жогорку Кеңешке сунушун айтышы керек. Ушундан кийин гана Жогорку Кеңеш күн тартибине киргизип, анан тигил же бул чечимди чыгарышы керек.

Айдар Акаев өзү ишин улантаарын жакында кабарлады. Ошентсе да, анын депутаттыктан четтетилери толук ыктымал деген пикир басымдуулук кылууда. Буга депутаттын ыңкылаптан кийин парламентке ишке бир да жолу чыкпагандыгы себеп болушу ыктымал.

Ошондуктан, №57-Кемин шайлоо округу да кайра шайлоо болушу күтүлгөн округдардын катарында аталып жатат. Мындай округдардын арасында азыркы Башкы прокурор Азимбек Бекназаров шайланган №20-Аксы, Бишкек шаар мэринин милдетин аткаруучу Аскар Салымбеков шайланган № 32-Атбашы шайлоо округдары бар. Бирок бул округдарда азырынча кайра шайлоо өткөрүүгө укуктук негиз жок. Ал эми маркум Жыргалбек Сурабалдиев шайланган №8-Түндүк шайлоо округунда кайра шайлоо мөөнөтүн президент жакын арада аныктаары күтүлүүдө.

Аталган шайлоо округдарынан шайлоого ат салышуусу мүмкүн деп болжолдонгондордун катарында Накен Касиев, Жаныш Рустембеков, Роза Отунбаева, Токон Шайлиева, Өмүрбек Субаналиев өңдүү белдүү саясатчылардын аттары аталууда. Бирок алардын ичинен Өмүрбек Субаналиевден башкасы өз ойлорун коомчулукка ачык билдирише элек.

Ал эми бир мандаттуу округдардан шайлоого баруунун кажети жок деп эсептеген саясатчылардин бири, «КДК» саясий партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев:

- Бир мандаттуу округда кайра шайлоого барууга азыр шайлоочулар деле даяр эмес экени көрүнүп турат. Баягы эле мурунку комиссиянын курамы менен мурункудай эле шайтан оюндар болчудай болуп турат.

Бул аралыкта Жогорку Кеңешти таратуу демилгесин көтөргөн «Эркиндик» партиясы элдин колун топтоо иш чарасын улантууда. Жыпар Жекшеев болсо «Эркиндик» саясий партиясынын демилгеси менен эле Жогорку Кеңешти таратуучу жагдай түзүлүп каларына анча ишенбейт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG