Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

АЙДАР АКАЕВГЕ ТИЕШЕЛҮҮ ЭС АЛУУ ЖАЙЫНЫН АБАЛЫ


Экс-президеттин уулу Айдар Акаевге таандык көлдөгү “Гүлкайыр” эс алуу жайы учурда кайтарууга алынып, курулуш иши токтоп турат. Анда иштеген жумушчулар эмгек маянасын толук ала албай калганына жана убактылуу жетекчи туугандарын жумушка алып жаткандыгына да нааразы.

Биз Бозтери айылынан Айдар Акаевдин “Гүлкайыр” эс алуу жайын издеп барганыбыз менен “Аянрезорд” деп жазылган имараттарга туш келдик. Көрсө мурдагы “Гүлкайыр” аты Айдардын уулу Айтеңирдин ысымында “Аянрезорд” деп жаңыртылган экен. Көл жээкке 200 метр жакын бул эс алуу жай жалпы 10 гектар аянтты ээлейт.

Мурда Кыргызтелекомго караган “Гүлкайыр” жайы үч жыл мурда Айдар Акаевге берилип, ал эки жылда эл аралык стандартка ылайык курулганына администратор Гүлнара Токтогазиева мындайча токтолду:

- Үч кабаттуу эки имарат реконструкция болду. Эки кабат ашканабыз бар эле, ал үч кабат болуп кайра салынды. Калган үйлөрдүн баары жаңы курулду. Эки кабаттуу 4 үй, бир кабаттуу 6 үй салынды. Андан тышкары сауна, оюн-шоок комплекс, дискотека, билярдный салды. Дагы 5-10 пайыз курулуш иши жүрүш керек. Электр энергиясы, канализация жагынан жумуштар калган. Калганы баары бүткөн.

Андан ары администратор 180 орундуу бул эс алуу жайга жалпы 61 миллион сомго жакын акча каражаты жумшалгандыгын белгилеп, ыңкылап убагында талап-тоноо коркунучу болгондугун мындайча сыпаттады:

- Маяна албай калгандар бар эле. Ошолор акыбызга талап-тоноп, мүлктөн алып кетебиз деп келгендер көп болду. Алардан тышкары уккандардын баары келишти.
Бирок ага туруштук берип бир жарым ай кайтарып отурганын билдирген Гүлнара Токтогазиева убактылуу жетекчиси Шатман Борбоевдин убагында качып кеткенине нааразыланса, жашылдандыруу адиси Гүлнура Кангелдиева:

- Азыр чоң бийликте иштегендердин туугандары келип иштеп атат деп эл арасында сөз болуп атат. Биз алты жылдан бери иштеп келатабыз. Өздөрүнүн туугандарын жумушка алып, биз жумушсуз калсак эл арасынан чатак чыгышы мүмкүн, - деп убада боюнча жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болушун белгиледи.

Ал эми курулушчулардын ата-энелери эмгек акысын ала албагандар туурасында мындай даттанууларын айтышты:

- Айдар Акаевдин эс алуу жайында менин кичүү балам 2-3 ай иштеди. Эң көп берген акчасы 500-1000 сом болду. Андан кийин таптакыр акчасын бербей коюп, болгону 2-3 миң акча алды. Далай жумушчуларды сыздатты.

Аты-жөнүн айткысы келбеген жумушчу Айдар Акаевдин кишилери тарабынан кысымга алынгандыгын жашырган жок:

- Акчаны бербей, уруш-талаш, мушташ болгон объектинин ичинен - деди эмгек акысын доолап барып, ала албай калган аял.

Бул маселе боюнча Ысыккөл районунун акиминин орунбасары Дамир Моңолдоров буларды белгиледи:

- Жалпы төлөнүүчү айлык акы миллион сомдун тегерегинде болчу. Биз арызды карап, жогорку органдарга кайрылып, Бишкеке чыгып, жарымы он беш күндүн ичинде чечилди.

Айдар Акаевдин эс алуу жайын куруу үчүн 3 чоң фирма 2 миңге жакын жумушчу иштеп, андан Ысыккөл облусунан келип тартылгандар эмгек акыга эгедер болгон эмес.

Эс алуу жайды кайтарып отурган Жумабек Кадыров болсо Айдар Акаевди акыркы жолу кантип жолуктурганын мындайча тастыктады:

- 14-марттан 22-мартка чейин келип эс алып кеткен. Достору менен келген. Иштеген эс алуу жайын таштап, жумушчуларды алдап кетип калганын туура эмес деп эсептейм.

Айдар Акаевге таандык делген “Гүлкайыр” эс алуу жайы өзүнө эмес, Айнура Жунусова аттуу таластык карапайым келинге катталган. Эми аларды тескеп, далилдөө үчүн Башкы прокуратура баштаган атайын өкмөттүк комиссия иштеп атат. Эс алуу жайы мамлекетке өтөбү, же дагы бирөөнүн жеке энчисинде калабы, азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG