Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

“ДИСКАВЕРИНИН” АСТРОНАВТТАРЫ АЧЫК КОСМОСКО ЧЫГЫШТЫ


Астронавттар Стив Робинсон жана Соичи Ногучи ачык космосто космостук кемени оңдоонун жолдорун сынап көрүшөт. Кеме жерден көтөрүлгөндө анын сыртындагы каптамасына зак кеткени белгилүү. Жерге кайтканга чейин астронавттар дагы эки жолу ачык космоско чыгышмакчы.

АКШнын Космос агенттиги - НАСАдан билдиришкенген Караганда, эки астронавт пландагыдан бир саат кеч чыгышты. НАСАдагыларга Жапан атуулу Соичи Ногучи Борбор Азиянын үстүнөн 360 чакырымдай бийиктикте учуп баратканда, Жерди карап, көз алдына тартылган көрүнүшкө суктанып жаткандыгы угулуп турду. Экөө алты жарым сааттай космосто болуп, учуунун мезгилинде сыйрылып түшкөн кеменин кыртышын атайын желим менен жамоого болоорун текшеришет.

«Дискавери» Жерге кайтканга чейин кеменин кыртышы оңдолбосо, атмосферага киргенде пайда болуучу ысык газ кыртышты жырып жибериши мүмкүн. Дал ушундай жырыктан улам, 2003-жылы ичинде жети астронавт отурган Колумбия кемеси жарылып кеткен эле.

НАСАда жүрүзүлгөн коопсуздук иштерине карабастан, «Дискавери» да Жерден көтөрүлгөндө, кеменин кыртышына зак кетти. Бирок НАСАнын адистери «Дискавериге» коркунуч жок деп айтышууда.

8-августта Жерге кайтканга чейин, Ногучи менен Робинсон дагы эки жолу ачык космоско чыгышат.
XS
SM
MD
LG