Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:36

КУРУЛУШ ОКРУГУНДАГЫ КАЙРА ДОБУШ БЕРҮҮГӨ ЭЛ НАЧАР КАТЫШУУДА


Чолпон Орозобекова, Бишкек Курулуш шайлоо округундагы эки участокто парламентке кайра добуш берүү болду. Байкоочулардын баамында, шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн, ал эми шайлоочулар болсо шайлоодон жана саясаттан чарчагандыгын билдирип жатышат.

Курулуш округундагы Учкун жана Төкөлдөш микрорайондорунда добуш берүү эртең менен саат 7 де башталды. Бирок түш оогонго чейин шайлоочулар анча деле активдүүлүгүн көрсөтө алышкан жок. Муну шайлоочулар өздөрү да белгилешти:

- Жакшы ниет менен келдик эле. Шайлоо аябай жымжырт, жансыз өтүп атат. Эл ушунун маанисин түшүнүп келип берсе болмок.

Шайлоочулар бул жолку үгүт өнөктүгүндө мурдагыдай добуш сатып алуу, акча же тамак- аш таратуу аракеттери болгон жок деп белгилешти.

Учкундун жашоочусу Батырбек Төлөбеков Аскар Акаев бергенин ала бергиле деп өзү оозунан жаңылган дейт:

- 20- 30 сомдон 200 сомго чейин берип атып, элди бузуп бүтүштү. Эл башы болуп туруп Акаев өзү оозунан жаңылган. “Бергенин ала бергиле да, каалаганыңарды шайлай бергиле” деп айткан да. Мамлекет башчысы да ушундай сөздөрдү айтмак беле?!

“Кыргызстан- Орусия” уюмунан байкоочу катары келген Наталья Строкова шайлоочулар добуш берүүгө өтө аз келип атканын белгиледи:

- Шайлоочулардын активдүүлүгү ортодон төмөн, тилекке каршы. Мисалы, түшкү саат 12ден өткөндө араң эле 204 киши келип добуш берди.

Учкун микрорайону башкалаадагы көйгөйлөрү көп микрорайондордун бири. Учкундун жолу начар, транспорт сейрек жүрөт, ал эми эки күндүн биринде электр жарыгы өчүп турат. Кышкысын үйлөр начар жылытылат. Учкундуктар парламентке барган депутат Учкундун жок дегенде жолдорун оңдотуп берсе деп күтүшөт. Бирок бул жолу Учкундун жашоочулары шайлоого келүүгө каалоосу жоктугун, шайлоодон чарчап, ишенимдин жоктугун айтып жатышты.

Аталган кичирайондун жашоочусу Асылбек мандат талашып аткан эки талапкерге тең ишенбейбиз дейт:

- Шайлоого кызыгуу жок, эл деген чарчады. Себеби, далай депутатты шайлап, бир да пайда көргөн жокпуз. Бул экөө тең кимиси шайланса да, парламентке барып отурат. Ошону менен дайны жок, эмне кылып атканын бир кудай эле билбесе.

Кичирайондун төрагасы Балбай Байгазиев добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө мындай дейт:

- Үйлөрүн кыдырып, чакырып келели дсесек, мыйзамга каршы келет экен. Айла жок, карап турабыз. Саат 12де араң эле 150- 160 киши келди. Эл саясаттан да, шайлоодон да чарчагандыгынын белгиси ушул да.

Балбай Байгазиев Учкундун жашоочулары базардан, жумуштан келгенден кийин кечкурун добуш бергендердин саны көбөйөр деген үмүтүн билдирди. Анын айтымында, айла кетсе кечкурун үйлөрдү кыдырып чакырып чыгышат.

Курулуш шайлоо округунда эки турдан жеңип чыккан Олга Безбородова “Алга, Кыргызстан!” партиясынын активдүү мүчөсү болгон. Добуш сатып алуулар жана мыйзам бузуулар жөнүндөгү Кабай Карабековдун арызынан кийин Сведлов райондук соту эки участоктогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы кайрадан добуш берүүнү 31- июлга белгилеген.

XS
SM
MD
LG