Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

ЖАҢЫ ӨКМӨТТҮН КУРАМЫ КАНДАЙ БОЛОТ?


Азиза Турдуева, Бишкек Учурда жаңы өкмөттүн курамын түзүү маселеси жогорку деңгээлде талкууланып жатат. Азырынча өкмөттүн структурасы боюнча ар кандай пландар бар. Кыргызстандын жаңыдан шайланган президенти Курманбек Бакиевдин тапшырмасы боюнча өкмөттүн жаңы курамынын акыркы варианты 4-августка чейин даярдалышы керек.

Ак үйдө ушул тапта өкмөттүн жаңы курамынын ар кандай варианттары талдоого алынып жатат. Бул ишти биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов, вице-премьер-министрлердин милдеттерин аткаруучулар, президенттин администрациясынын жана премьер-министрдин аппаратынын жооптуу кызматкерлери аркалашууда.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов билдиргендей, кыргыз өкмөтүнүн курамы ачык жана эффективдүү болушу керек. Кулов кадр маселесин жаңыдан шайланган президент Курманбек Бакиев менен кеңешип чечмекчи:

- Эми мен бул маселе боюнча президент менен кеңешиш керек деп ойлойм. Анткени анын белгилүү милдеттенмелери бар. Аларды эске алуу керек. Анын кандайдыр бир пландары бар. Биз туура чечим табабыз деп ойлойм. Биз үчүн кадрларды тандоодогу башкы факторлор иш билгелик сапат жана тазалык болот. Бул маселе боюнча Курманбек Салиевичтин да позициясы ушундай. Мен кадрларды тандоодогу мындай принциптерди колдонуу бийлик бутактарынын ортосундагы кагылышууларды шарттай турган кандайдыр бир чоң саясий оюндарга алып келбейт деп ойлойм.


Учурда өкмөттүн курамы боюнча ар кандай варианттар сунушталып жатат. Алардын айрымдарына ылайык, мамлекеттик агенттиктер менен ведомстволор министрликтердин курамына киргизилиши керек. Кээ бир варианттарда болсо, министрликтерди жойуу, айрым долбоорлордо кызматкерлердин санын кыскартуу, бирок агенттиктер менен ведомстволорду, мамлекеттик комиссияларды өз алдынча сактап калуу каралган.

Жалпысынан өкмөттүн жаңы курамы боюнча 6 вариант сунушталууда. Аларга байланыштуу унаа жана байланыш министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков мындай дейт:

- Эми азыр 6 долбоор сунушуталып жатат. Аларда өкмөттүн жаңы курамы боюнча ар кандай пикирлер айтылган. Бирок менимче, министрликтерди кыскартуу, бири-бирине кошуу маселесине этияттык менен мамиле жасашыбыз керек. Анткени мындай иштер дайыма эле натыйжа бере бербейт .

Серепчилер белгилешкендей, жаңы өкмөттүн курамын түзүүдө бири-биринин ишин кайталаган мамлекеттик органдарды кыскартууга көңүл бурулушу керек.

Феликс Куловдун пикиринде, кээ бир министрликтердин курамын кеңейтүү зарыл:

- Белгилүү министрликтердеги кызматкерлердин саны кыскартылат. Ал эми айрым министрликтерде кызматкерлердин санын көбөйтүү керек. Менин пикиримде, коргоо жана ички иштер министрликтеринин кызматкерлеринин санын көбөйтүшүбүз керек.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаровдун көз карашында, Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ортосунда кадрларды тандоодо пикир келишпестиктер чыгышы мүмкүн:

- Менин пикиримде, сөзсүз түрдө президент менен премьер-министрдин ортосунда кадрларды тандоодо пикир келишпестиктер болот. Бул - табигый көрүнүш. Бири өзүнүн командасын түзүү аракетин көрөт, экинчиси өзүнүн кадрларын койууну көздөйт. Бирок мен алардын кадрлар боюнча пикир келишпестиктери чегинен ашып, коомчулукка кандайдыр бир залакасын тийгизет деп ойлобойм .

Кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамын түзүүдө эксперттердин, атуулдук коомдун, бизнес чөйрөсүнүн, мурдагы бийликтин өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын ой-пикир, кеңештери да эске алынаары айтылууда.

XS
SM
MD
LG