Иран өзөктүк программасын кайра жандантаарын бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбүдө тараткан билдирүүсүндө экинчи ирет билдирди. Билдирүүдө андан тышкары Европа Биримдигинин өкүлдөрү Тегеранга өз сунуштарын дүйшөмбүдө тапшырууга тийиш экендигин, эгер антпесе, Иран өзүнүн Исфахан шаарындагы өзөктүк ишканасын кайрадан иштетээрин эскертти.
Ал эми Еврокомиссия мындай талапка дүйшөмбүдө берген жообунда өзөктүк программаны жандантуу Иран менен Евробиримдиктин ортосунда соода жана саясий кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратат деп эскертти. Иран болсо мындай шарт коюусуна өткөн жылдын ноябрь айындагы сүйлөшүүлөрдө соода жана техникалык жардам жагынан жеңилдиктер берилет деп убада кылган Германия, Улуу Британия жана Франциянын сөзүнө турбагандыгы башкы түрткү болгондугун белгиледи. Бул үч мамлекеттин өкүлдөрү андай сунуштарды бир жуманын ичинде беребиз деп билдирди.
Анткен менен Евробиримдик Иран пикир келишпестикти сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуусу зарыл деп жатышат. Ал тууралуу Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Стефан де Ринкк мындай дейт:
- Еврокомиссия маселе сүйлөшүү жолу менен чечилип, дагы алдыга жылуулар болот деп ишенет. Ошондой эле жакынкы күндөрдүн ичинде кандайдыр бир чаралар көрүлөт жана алар сүйлөшүүлөрдү кыйын кысталышка жеткирбейт деп ишенебиз.
Иран өзүнүн өзөктүк программасынан өткөн жылдын ноябрында эл аралык коомчулуктун басымы менен убактылуу токтоткон. Бирок сүйлөшүүлөрдө абалды жөнгө салуу боюнча сунуштарды Улуу Британия, Германия жана Франция качан берери такталган эмес. Иран өзү эле мөөнөттү июль айынын акыркы күнү деп болжоп, сунуш келбесе уранды байытуу ишин баштайбыз деп бир тараптуу чек койгон. Европалыктар болсо Иран белгилеген мөөнөттө сунуштарды даярдай албай калып, ага дагы бир жума керек экендигин айтышкан.
Саясат талдоочулардын баамында, Иран менен Европанын ортосундагы мына ушундай тирешүү маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинин кароосуна чейин жеткириши мүмкүн деп жатышат. Себеби, АКШ Иранды атомдук куралдарды чыгарууга аракет кылып жатат деп кинелеп келет. Иран болсо өзөктүк программа өндүрүштөгү жаңы технологиялар үчүн гана зарыл жана ошол үчүн иштетилип жатат деп ишендирип келет.
Ушундан улам Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Стефан де Ринкк сүйлөшүүлөр болбосо тараптар бир пикирге келбей калышы ажеп эмес экендигин белгилейт:
- Эгер Франция, Германия, Улуу Британия жана Ирандын ортосундагы Париж макулдашуусу боюнча сүйлөшүүлөр уланбаса бир чечимге келбей калуу толук мүмкүн.