Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

АКСЫ ОКУЯСЫНДА ЖАБЫР ТАРТКАНДАРГА АКЧА КАЧАН ТӨЛӨНӨӨРҮ БЕЛГИСИЗ


Азиза Турдуева, Бишкек 2002-жылдын 17-мартында орун алган Аксы окуясында жабыр тарткандардын арыздары ыңклаптан кийин Жогорку жана райондук сотто каралды. Сот бул коогалаңда атып өлтүрүлгөн адамдардын жакындарына 1 млн. сом өлчөмүндө моралдык компенсация төлөнүп берилсин деген чечим чыгарды. Аксы окуясында жыбарлагандарга да моралдык компенсация төлөнүп бериле турган болду. Бирок сот чечимдери качан ишке ашырыла тургандыгы азырынча белгисиз.

11-апрель жана 11-июль күндөрү Жогорку сот Аксы окуясында атып өлтүрүлгөн Сапаралиев Кадыркулдун, Үркүнбаев Сатымбайдын, Тагаев Советбектин, Четимбаев Эркинаалынын бир туугандарына моралдык компенсация катарында 1 млн. сомдон төлөп берүү жөнүндөгү чечимин чыгарды. Сот чечимине ылайык, бул компенсацияларды Каржы министрлиги төлөп берүүгө милдеттүү.

12-14-июлда Аксы окуясында жабыр тарткандардын ичинен 21инин арызы Аксы райондук сотунда каралып, Аксы окуясында октон каза болгон Үмөталиев Элдиярдын атасы Үмөталиев Анарбайга 1 млн. сом, калгандарына 50 миңден 400 миң сомго чейин моралдык компенсация төлөп берүү жөнүндөгү чечим чыгарылды.

Аксы окуясында жабыр тарткандардын адвокаты, «Адам жана укук» бейөкмөт уюмунун төрагасы Сартбай Жайчибеков «Азаттыкка» билдиргендей, Аксы окуясында жабыр тарткандардын арызы марттагы ыңклаптан кийин гана объективдүү карала баштады:

- Биз бул арыздарды Аскар Акаевдин тушунда да сот инстанцияларына жолдоп, кайрылганбыз. Бирок тилекке каршы, алар каралган жок. Эми ушул март айында болгон ыңкылаптан кийин гана сот Аксы окуясы боюнча арыздарды адилет карай баштады окшойт. Анткени, соттун өз алдынча чечимдерди чыгарууга мүмкүнчүлүктөрү пайда болду. Жогорку жана райондук соттун Аксы окуясында жабыр тарткандардын жакындарына ири өлчөмдөгү моралдык компенсацияны төлөп берүү жөнүндөгү чечимдери качан ишке ашырылат – азырынча белгисиз.

Аксы окуясында курман болгондордун күйүтү эч качан бүтпөчүдөй. 17-мартта Боспиекте атып өлтүрүлгөн 31 жаштагы Эркинаалы Четимбаевдин апасы Жөжөкан Четимбаева Аксы окуясына күнөөлүүлөр сот жообуна тартылат деп, жаңы бийликке ишеничи бар экендигин мындайча билдирди:

- Менин уулум 31 жашта болчу. Анын үч баласы жетим калды. Кичинекейи азыр деле атам келет деп күтө берет. Эми айла жок, эмне кылабыз. Биз жаңы бийлик биздин балдарыбызды өлтүргөндөрдү жазалап берет деп ишенебиз.

Аксы окуясында жабыр тараткандардын укуктарын коргоо боюнча «Атуулдар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова бул окуяда курман болгондордун туугандарына моралдык жана материалдык компенсацияны төлөп берүү маселесине байланыштуу буларга токтолду:

- Аксы окуясында милициянын огунан каза тапкан маркумдардын туугандарына моралдык жан материалдык чыгымдар төлөнүп берилиши керек. Бирок кеп компенсацияларда гана эмес, кеп – биздин өлкөдө мындай окуялар эч качан кайталанбашы керектигинде.

Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Аксы окуясында жабыр тарткандарга сот чечимине ылайык качан компенсациялар төлөнүп берилеери азырынча белгисиз. Бирок моралдык компенсациянын суммасы аз-аздан төлөнүп берилет.

Аксы окуясында жабыр тарткан дагы 5 адамдын арызы 3-4 августа Аксы райондук сотунда каралат. Ал эми ошол кайгылуу күндөрдө Аксыда милиция тарабынан сабалып өлтүрүлгөн Медетбек Бекмуратовдун туугандарынын арызын райондук сот сентябрь айында карашы күтүлүүдө.

Жалпысынан Аксы окуясынан 79 адам жабыр тарткан.

Сүрөттө: 2002-жылдын 17-мартындагы Аксыдагы нааразылыктан бир көрүнүш

XS
SM
MD
LG