Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

БОРБОР АЗИЯ ӨЗӨКТҮК КУРАЛДАН ЭРКИН АЙМАК БОЛОБУ?


Борбор Азиянын беш өлкөсү өзөктүк куралдан эркин аймакты түзүү жөнүндөгү келишимди мурда белгиленгендей ушул жылы кабыл алчудай. Эгер документ жактырылса, бул Борбор Азия өлкөлөрүндө коопсуздук жаатында Советтер Союзу тарагандан бери кабыл алынган алгачкы маанилүү документ болот.

Чөлкөмдөгү беш өлкөнүн лидерлери Борбор Азияны өзөктүк куралдан эркин аймакка айлантуу жөнүндөгү келишимди мүмкүн болушунча эртерээк кабыл алуу ниетинде экенин быйыл февралда Ташкенттеги жыйында билдиришкен болчу. БУУнун куралсыздандыруу боюнча департаментинде ушул маселени тейлеген адис Тсатоми Ишигуринин айтымында, документке быйыл октябрь айында Казакстандын Семипалатинск шаарында кол коюлчудай. Семипалатинскиде кезинде Советтер Союзу беш жүзгө жакын өзөктүк сынак өткөргөнү маалым.

БУУнун адиси Тсатома Ишугури белгилегендей, АКШ менен Орусиянын өзөктүк дүрмөттөрүнүн санын кыскартуу жөнүндөгү келишимин эске албаганда, бул соңку беш жыл ичинде өзөктүк куралдарды жайылтпоону кепилдөө багытындагы чоң жетишкендиктердин бири болот:

- Москва келишимин эске албаганда, өзөктүк куралсыздануу жаатында эч нерсе ишке ашкан жок. Бул конкреттүү жыйынтык жана макулдашуунун маанилүүлүгү алдыңкы планга чыгарылышы керек.

Сөз болуп жаткан макулдашууга ылайык, анда камтылган аймактын ичинде өзөктүк заттарга ээ болууга, өндүрүүгө, сактоого тыюу салат. Ал эми өзөктүк энергияны тынчтык максатта пайдалануу Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.

Мында чечиле элек бир маселе өзөктүк куралы бар, бирок Өзөктүк куралдарды жайылтпоо келишимине кирген Кытай, Орусия, Франция, Британия, АКШ Борбор Азияга коопсуздук кепилдиктерин берүүнү караган протоколго кол койоор – койбосу. Аталган беш өлкө принцибинде, өзөктүк куралдан эркин аймактарды колдоорун билдирген, бирок ар бир маселе практикалык кызыгууларды да жаратат.

Улуттар уюмунун адиси Ишигуринин айтымында, бул ошол зоналардын натыйжалуулугу менен байланыштуу:

- Менимче бул жакшы иштейт. Себеби өзөктүк куралы бар өлкөлөр жалпысынан өзөктүк куралдан эркин аймактарды каалашпайт. Анткени алар өзөктүк куралды колдонбоору жөнүндө милдеттеме алышы керек. Башкача айтканда, алар өзөктүк курал пайдалана алуучу чөлкөмдөр чындап кыскарат.

БУУнун адиси белгилегендей, Кытай менен Орусия келишимдин Борбор Азия мамлекеттери макулдашкан долбоорун колдойт. Франция, Британия жана Кошмо Штаттар болсо айрым алымча-кошумчаларын билдирген. Ал маселе келишимге кол коюлганча чейин чечилер-чечилбеси азырынча белгисиз.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Дин Раст буларды билдирди:

- Менимче биз кандайдыр бир чечим кабыл алынганга чейин Борбор Азия өлкөлөрү менен Коопсуздук кеңешинин беш мүчөсүнүн ортосунда кошумча консультациялар өтөт деген үмүттө турабыз. Бирок азырынча эч нерсе белгилене элек.

Ал эми Өзөктүк куралды жайылтпоо маселесин иликтөө боюнча борбордун директору Уильям Поттердин айтымында, коопсуздук кепилдиктер маанилүү болгону менен Борбор Азия өлкөлөрү үчүн чоң кызыгууну жаратпагандай. Поттер келишимди даярдоодо Кыргызстандын өкмөтүнө кеңешчилик кылган. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радисуна берген маегинде белгилегендей, Борбор Азия бийликтери Cоветтик доордогу өзөктүк сыноолордун экологияга тийгизген кесепеттерин жоюуга көп көңүл бурушту:

- Алар зонаны башка маселелер менен бирге маанилүү максатты ишке ашырууга - өзөктүк куралды өндүрүүнүн ар кайсы баскычтарында экологияга тийген кесепеттерин жумшартуу үчүн эл аралык жардамды тартууда кызмат кылуучу катары көрүшөт.

Өзөктүк куралдан эркин аймак боюнча келишимдер али толук ратификациялана элек болсо да буга чейин Латын Америкасында, Түштүк - Чыгыш Азияда, Африкада түзүлгөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG