2-августтагы «Кыргыз туусу» гезитинде Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун «Элин, журтун, Мекенин таштап качкан башчы кыргыздын тарыхында эгерим болгон эмес» деген аталышта маеги жарыяланды.
«Кумтөр» алтын кенине байланышкан маселеге токтолуп Д. Сарыгулов бул долбоордон Кыргызстан зыян тартпаганын билдирген. 1996-жылдан бери ишкана 150 тонна алтын өндүрүп, аны сатып 1 миллиард 600 миллион доллар киреше алган. Карызга алынган акчаны үстөгү менен 650 миллион долларды төлөп берди. Түшкөн пайданын үчтөн экисин Кыргызстан, калганын ишкана алды.
Кандайынан келгенде да «Кумтөр» алтын кен долбоору иштеп, киреше алып келүүдө. Ушу тапта кыргыз өкмөтү «Гималай» («Жибек жолу») долбооруна деп 50 миллион доллар, Пакистандан алынган дары-дармек фабрикасы үчүн 10 миллион доллар, «Куранжайлоо» алтын кенине делген 10 миллион долларды, баш-аягы 100 миллион долларга жакын зыян тартып, элдин эсебинен төлөшкө мажбур.
«Ал эми башын карыздан бошотуп, кыргыз элинин менчигине айланган Кумтөрдү чет өлкөлүктөргө сатып жибериши – бул териштириле турган бөлөк маселе», дейт Д.Сарыгулов.
Кыргызстанда 2 миңдей айыл-кыштак, шаарлар бар. Анын ичинен болгону 40 айыл-кыштакка азыркы заман талабына жооп бере ала турган байланыш түйүндөрү орнотулган. Анткен менен Кыргызстандын көпчүлүк айыл-кыштактарына телефон байланышы жеткен эмес, кыйласы улуттук телекөрсөтүү, радионун берүүлөрүн уга алышпайт. Ушу тапта жаңы өкмөт телекөрсөтүүнү жок дегенде элдин 70% көрүү мүмкүнчүлүгүнө жеткирүү милдетин алдына коюуда, деп маалымдайт шейшемби күнкү «Эркинтоо» гезити.
2-августтагы «Слово Кыргызстана» гезити Е. Агееванын «Алтын азгырыгы» аттуу макаласын жарыялады. Анда автор «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы талаштуу маселелерге токтолгон. Автордун ырасташынча, «Кумтөр» алтын кен компаниясы жергиликтүү элге көп жардамдарды көрсөтүп келатат. Ишканадан чыккан уулуу суу тазаланып турат.
Кыргызстандын тоолорунда 2 миңден ашуун көлдөр бар. Глобалдык жылуулуктун айынан мөңгүлөр эрип, тоо ичиндеги көлдөрдүн жырылып кетиш коркунучу жылдан-жылга көбөйүүдө, деп жазат А. Ермолов ушул эле гезиттеги макаласында. Тоо ичинде катылган коркунучту такай иликтеп турганга Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жок.
«Таңкалыштуу өлкө, киши башына эсептей келгенде «Мерседес» автомашинасынын саны боюнча КМШда алдыңкы орунда турганыбыз менен жалгыз тикучманы тиктеп отурабыз», дейт А. Ермолов.
150 жылдан кийин биздин жерде кытай, жапан, англис аралашма тили өкүм сүрүп, жок болуп кеткен кыргыз тилин үйрөнүүчүлөрдүн клубу ачылат. Өлүк тилди иликтөө анткен менен айрым бир демилгечилердин гана эрмеги болуп калат. Глобалдашуунун эпкинине кабылбаган жер калбайт. Кыргызстанда болсо сугат жерлерге жаңы айыл, шаар салынып, сугат жерер тарып баратат, деп жазат шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде илимпоз Карыбек Байбосунов.
Ойлонулбаган реформа Кыргызстандын ойронун чыгарып кетти, деп жазат шейшембидеги «МСН» гезитинде Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси Базарбай Мамбетов. Ири өнөр жай ишканаларын жок кылган программасынын натыйжасына кызыккан киши болбоду. Ал үчүн Кыргызстан эларалык уюмга 100 миллион доллар төлөп бериши керек. 14 жыл ичинде тармакты мыкты билген адистерди чогултуп, конкрет ишти талкуулаган бир да жыйынды эстей албайм, дейт Б.Мамбетов. Алды-артын ойлонбогон реформаторлордун айынан өлкө сазга батып, элдин жакын арада оңолушубузга ишеними кетти. Кыргызстан таза, иш көзүн билген башкаруучуларга, ишти уюштуруучуларга муктаж, деп белгилейт макала автору.
24-марттагы окуялар ыңкылаппы же көңтөрүшпү? Бул суроого илимпоз Г. Искакова жооп издеген. Автордун жазганына ынансак, А. Акаев элден алыстап, коомдо болуп аткан олуттуу окуяларды талдоого кызыкпай калган. Өлкөдө тек башкаруучулуктун калп системасы орноп, бийликке келгендердин көбү чөнтөгүн гана ойлоп калган. Акаевдин үй-бүлөсү өлкөнү жеке ээлиги катары карап, президенттин жоопкерсиз бийлиги орногон.
Шаршембидеги «АиФ Кыргызстан» апталыгында К. Бакиевдин президенттик кызматка киришүү аземи, ага байланышкан жөрөлгөлөр тууралуу маалымат жарыяланды. Басылмада Баткен өрүгү, жакшы түшүм алалбай экономикалык оор абалда калган дыйкандар тууралуу талдоо, Бишкектен Орусияга каттагандардын жол азабы тууралуу баяндама, алабукалык Нуркамал Узакаевдин кантип миллионер болбой калганы, Алабука менен Чаткалды каптаган алтын чайкап алуу азгырыгы жөнүндө аңгеме-дүкөн жарыяланган.