Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:41

ЕЙ-БИ-СИ КАБАРЧЫЛАРЫНЫН ЖАЗЫГЫ ЭМНЕДЕ?


Американын Ей-Би-Си телекомпаниясынын Москвада иштеген кабарчыларынын акредитациясы мөөнөтү бүткөндөн кийин узартылбай токтотулат. Россиянын тышкы иштер министрлиги бул чечим Ей-Би-Си чечен лашкер башчысы Шамил Басаевдин интервьюсун ободон бергени үчүн кабыл алынганын билдирди. Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети ырасмий Москванын кадамын “Кремлдин түрдүү сынга, айрыкча, Чеченстандагы аракеттерине байланыштуу айтылган сынга чыдабастык менен мамиле кылганын күбөлөйт” деп баалады.

Чечен лашкер башчысы Шамил Басаевдин Кошмо Штаттарда уктурулган маеги аны обого берген Ей-Би-Си телекомпаниясы үчүн капылет жазага айланды. Шейшемби күнү Россиянын тышкы иштер министрлиги телекомпаниянын Москвада иштеген кабарчыларынын акредитациясы улантылбай турганын эскертти.

Башын орус бийликтери 10 миллион долларга баалаган Басаев интервьюда 2002-жылкы Москванын Дубровка театрын басып алуу жана өткөн жылкы Беслан мектебинде болгон барымтачылык үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Бесланда 330дан ашуун адамдын, анын ичинде көптөгөн жаш балдардын каны төгүлгөн.

Тышкы иштер министрлиги интервьюну “террорчулукту ташбыйкаттоо” жана Россия букараларына каршы зомбулукка үгүттөө катары баалады.

Ей-Би-Си шейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө Москванын чечимине өкүнгөнүн, бирок “толук жана так” кабарды берүүсүнө эч бир өкмөт бөгөт койо албасын шарданалады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү анын өкмөтү Басаевдин бардык террорчул аракеттерин айоосуз айыптаарын билдирди. Бирок АКШ маалымат каражаттарын чектөө же жазалоо мыйзамдуу болоруна ишенбейт деп белгиледи, Том Кейси:


– Кандайдыр бир себеп менен Ей-Би-Синин Россиядан кабар берүүсүнө тыйуу салынса, бул сөз эркиндиги үчүн жакшы жышаан болбот деп ойлобойм.

Ей-Би-Си өткөн жумада “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Андрей Бабицкий Шамил Басаев менен жасаган интервьюну обого бергенден мурда, аны уктуруу чечен лашкер башчысынын “аракетин колдоо эмес экенин” баса эскерткен. Ошондой эле ууру- зулумдар, кан ичкичтер жана башка бейдабалар менен маекти тийиштүү түшүндүрмөнүн коштоосунда уктурганын эске салган. Бул ирет да Басаевдин интервьюсуна удаа эле Россия элчилигиинин ага карата билдирүүсү окулду.

Лондондо жайгашкан Index on Censorship борбору маалымат каражаттарын контролдоонун абалын изилдейт. Уюмдун талдоочусу Рохан Жаясекера Россиянын тышкы иштер министрлигинин аталган телекомпаниянын кабарчыларынын ишин токтотуу чарасын Кремлдин демейдеги кадамы ирети мүнөздөдү:

- Мурда да Британиядагы телекомпаниялар чечен жикчилеринен алынган интервьюларды уктурушканда, Россиянын тышкы иштер министрлиги өлкөнүн тышкы иштер кеңсесине түздөн түз чыгып, телекомпаниялардын жетекчилигине колдонулган материалдар боюнча доомат коюп, нааразылык билдиришкен. Россия бир нече жыл бою чечен жикчилеринин көзкараштарын өлкө ичинде эле эмес, эл аралык деңгээлде да берүүнү мүмкүн болгон жолдор менен уктурбоого бекем бел байлаган.

Рохан Жаясекеранын айтышынча, коомго коркунуч туудуруучу же инсанды, же жамаатты, же болбосо кайсы бир уюмду чөйрөгө кооптуу аракеттерге түртүүчү жүйөөлөрдүн себебин коомчулукка жеткирүү журналисттин парзы. Ошондуктан, андай материалдар обого чыгыш керек.

Андрей Бабицкий да Шамил Басаев менен болгон маекте лашкер башчынын аракеттеринин, анын ичинде балдарды барымтага алуу максатын түшүндүрүп берүүнү улам такып сурады. Басаев анын аракети “террорчулук” экенин мойнуна алып, бирок россиялык аскерлердин Чеченстандагы зомбулуктарын токтотуунун башка жолу жок экенин айтып актанды.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG