Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:23

АКШ ЖАКЫН АРАДА БОРБОР АЗИЯДА ЖАҢЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА ТУШ БОЛУШУ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага 29-июлда өзбек жетекчилиги АКШга кайрылып, өлкөдө жайгашкан америкалык аскерлерди 180 күндүн ичинде чыгарып кетүүнү талап кылды. Айрым эксперттер бул кадам менен Өзбекстандын президенти Ислам Каримов өзүнө өзү өкүм чыгарды десе, башка байкоочулардын пикиринде, Америка Кошмо Штаттары жакынкы келечекте Борбор Азияда дагы бир топ башка проблемаларга туш болот.

Өзбекстандын түштүгүндөгү Карши шаарынын алдындагы Ханабад базасын америкалыктарга ижарага берүү тууралуу келишимге 2001-жылдын 5-октябрында кол коюлган, акыркы мезгилде анда бир жарым миң аскер менен отузга жакын учак жайгашкан, алар Ооганстандагы аскерий аракеттерге көмөктөшүп турган. Каршиден Кабул шаарына чейинки аралык 600 чакырымга жакын жана эгер аскерлер эми Бишкек алдындагы "Манас" аба майданына которулса, америкалыктар бир топ чыгым тартат, анткени Бишкектен Кабулга чейинки аралык миң чакырымга жетет.

Ташкендин Вашингтонго койгон талабынын себебин эксперттер өзбек качкындарынын маселеси менен байланыштырууда. 29-июлда 440 өзбек качкыны Бишкектен Румынияга жөнөтүлгөнгө чейин Ташкен алардын баарын кайрадан Өзбекстанга өткөрүп алууга бүткүл мүмкүн болгон аракеттерди көргөн. Андан майнап чыкпагандан соң, ошол эле күнү кечинде атайын чабарман Ташкендеги АКШ элчилигине келип, америкалык элчиге президент Ислам Каримовдун ультиматумун тапшырган.

Орусиялык "Коммерсант" гезитинин жазышынча, мынчалык шашылыш кабыл алынган чечим менен Каримов өзүнө өзү өкүм чыгарды жана эгер мурда АКШ жетекчилиги аны менен кызматташууга аракеттенип келсе, эми намысынан эле аны кызматтан түшүрүүгө чара көрүшү мүмкүн.

Окуялардын мындай өнүгүшүн АКШ да күткөн эмес, анткени 25-июлда Бишкекке келген коргоо министри Доналд Рамсфелд Ташкен менен болгон мамилелер дурус деп айткан. Августтун башында болсо Өзбекстанга АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Николас Бөрнс келмек, бирок ал шашылыш түрдө сапардан баш тартты жана Ташкенге мурда убадаланган 22 миллион доллар жардамдын берилиши да токтотулду.

Анткен менен Каримов Батыш жана өзгөчө АКШны көптөн бери күнөөлөп келген. Кошуна Кыргызстанда 24-мартта президент Аскар Акаев бийликтен кулатылгандан кийин, Борбор Азия жетекчилерин кызматтан четтетүү иштерин Батыш уюштуруп жатат деп, Ташкен Кытай менен Орусиянын саясатына жакындай баштаган. Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Өзбекстан ГУУАМ уюмунан чыгып кетти, 13-майдагы Анжиян окуяларынан кийин Батыш өлкөлөрү аны эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кылганда, Ташкендин антиамерикалык саясаты ого бетер күчөдү жана Каримов дароо Кытайга сапар менен барып, андан соң Маскөөгө да учуп келди.

5-июлда болсо Астана шаарында өткөн Шанхай кызматташуу уюмунун саммитинде кабыл алынган декларацияда - Борбор Азияда жайгашкан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү мөөнөтү такталууга тийиш деп жазылды жана көпчүлүк эксперттер аны ультиматум катары кабыл алды.

Лондон шаарында жайгашкан "Жейнс" изилдөө тобунун айтымында, жакынкы келечекте АКШ Борбор Азияда дагы бир топ кыйнчылыкка туш келиши мүмкүн, анткени Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр көрүп жаткан антиамерикалык аракеттердин артында Маскөө менен Бээжин турат, Кытайдын болсо Борбор Азиядагы мүмкүнчүлүктөрү зор. Ага дагы бир кошумча күбө катары - Батыштын жактыруусу менен ыңкылап уюштуруп, бийликке келген Кыргызстандын жаңы өкмөтү дагы акыркы мезгилде Орусия менен өтө жакын ымала түзө баштаганы келтирилүүдө.

Улуу Британиянын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Крейг Мюррейдин пикиринде болсо, АКШга каршы чыкканы менен Каримов зор ката кетирди:

- Каримов, мүмкүн, мен шумдук иш жасадым деп ойлоп жаткандыр. Бирок менин оюмча, алыскы келечекти караганда, ал келесоолук кылганын ылдам эле түшүнөт, анткени эл аралык сахнада АКШ өтө күчтүү мамлекет жана анын мүмкүнчүлүктөрү Орусия менен Кытайдыкынан алда канча көп.

Алманиянын Тышкы саясат коомунун эксперти Александр Рардын пикиринде болсо, Шанхай уюмунда жакын арада Кытай үстөмдүк кыла баштайт жана Борбор Азияда азыр Вашингтон менен Бээжиндин кызыкчылыктары кагылышууда.

XS
SM
MD
LG