Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

КЫТАЙ МЕНЕН ОРУСИЯ БИРГЕЛЕШКЕН АСКЕРИЙ МАШЫГУУ ӨТКӨРҮҮГӨ ДАЯРДАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Августтун экинчи жарымында Орусия менен Кытай алгачкы биргелешкен аскерий машыгуу өткөрөт. Айрым байкоочулар аны эч кандай чыныгы пайдасы жок аракет десе, башкалары - Маскөө жана Бээжин ортосунда акыркы мезгилде башталган жакындашуу аны менен жаңы баскычка көтөрүлөт жана АКШнын дүйнөлүк үстөмдүгүнө каршы күчтөр бар экенин көрсөтөт деген пикирде.

Стратегия менен технологияны анализдөө боюнча маскөөлүк борбордун маалыматына караганда, 2000-жылдан бери Орусия Кытайга эки миллиард долларга курал сатты, анын ичинде кыруучу учактар менен суу алдында сүзүүчү кемелер да бар. Анткен менен акыркы мезгилге чейин Бээжинге стратегиялык курал, мисал үчүн алыска уча ала турган бомба таштоочу учактар сатылган эмес. Орусиялык аналитик Павел Фельгенгауэрдин айтымында болсо, 18-25-августта өтө турган машыгууга Орусияда өндүрүлгөн Ту-22 жана Ту-95 деген ошондой бомба таштоочулар катышаары күтүлүүдө.

Ошондуктан, дагы бир орусиялык эксперт Александр Гольц айткандай, жакын арада Маскөө Бээжинге андай стратегиялык куралдарды да сата баштайт деп божомолдосо болот:

- Кытай орус куралын сатып алган дүйнөдөгү эң ири кардар. Бирок Орусия азыр мүмкүн болгон кыруучу учактар менен кемелердин баарын сатып бүттү. Ошондуктан эми бир гана мүмкүнчүлүк калды - Орусия кадыресе эмес куралдарды сата башташ керек. Дал ошол себептен бул машыгууга стратегиялык бомбалоочулар катышып жатканы кокусунан эмес.

Анткен менен, Фельгенгауэрдин айтымында, бул машыгуу жалпысынан алганда Орусия үчүн саясий аракет:

- Орусия менен Кытай аскерий өнөк эмес. Кайсы бир мезгилде алар үчүнчү бир тарапка каршы биригип согуша алат деп Маскөөдө да, Бээжинде да эч ким айта албайт. Ошондуктан Беларус же Армения, же Биргелешкен коопсуздук келишимине кирген башка бир мамлекет менен Орусия жүргүзүп жаткан машыгуудай, же НАТО уюмуна кирген мамлекеттердин машыгуусундай бул орус-кытай аскерий оюнунун мааниси жок. Маскөө үчүн бул негизинен саясий окуя, аны менен Орусия АКШга - мына, биздин да өнөктөрүбүз бар деп эми айта алат. Грузия жана Украинадагы ыңкылаптардан кийин орустар үчүн бул өтө маанилүү болуп көрүнөт.

"Тынчтык миссиясы-2005" деп аталган бул аскерий машыгуу Орусиянын Владивосток аймагында башталып, андан соң Кытайдын Сары деңизинде улантылат жана ага он миңге жакын аскер катышат. Анын максаты катары - улут аралык араздашуу чыккан жерге аскер жиберип, ал чатакты жөнгө салуу деп жарыяланган. Ошондуктан франциялык "Темпс" гезити жазгандай, ага катышкан аскерлер Шериктештикке кирген бир жумуриятта чыккан чатакты жөнгө салууга же Кытай менен Тайван ортосунда мүмкүн баштала турган кагылышууда кантип аракеттенүү керек экенине үйрөтүлөт деп айтса болот.

Машыгуу тууралуу Тайван өз тынчсыздануусун билдирди, Жапониянын коргоо министрлиги 2-августта атайын отчет чыгарып, Кытай өзүнүн аскерий бюджетин эбегейсиз көбөйтүп жатканына кабатырланганын жарыялады. Ошондой эле тынчсыздануу үстүбүздүгү жылдын башында АКШ коргоо министрлиги чыгарган отчетто да айтылган. Ал эми кытайлык бир генерал жакында билдиргенге караганда, эгер Тайван маселеси боюнча АКШ менен Кытай ортосунда чатак чыкса, Бээжин өзөктүк курал пайдаланууга да даяр. Орусиялык генерал Владимир Молтенскойдун айтымында болсо, бул аскерий машыгуу эч бир үчүнчү мамлекетке каршы багытталган жок.

XS
SM
MD
LG