Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

КӨМҮР ТАРМАГЫНДА ЭСКИ САЯСАТ УЛАНУУДА


Кыш-күз айлары жакындаган сайын калкты отун-суу менен камсыздоо маселеси күчөйт. Быйылкы жылы жергиликтүү көмүр кендеринен Бишкек ТЭЦине 120 миң тонна көмүр ташып келүү пландаштырылган. Бирок азырга чейин ага тийиштүү каражат бөлүнө элек.

Бишкек ТЭЦине кыш мезгилинде 750 миң тонна көмүр керек. Анын 100 миң тоннасы ташылып келинген. Бул тууралуу ТЭЦтин жооптуу кызматкери Павел Иконников билдирди:

- Караганда, Экибастуздан көмүр келе баштады. Жергилктүү көмүр да ташылууда. Учурда жалпысынан 100 миң тоннадан ашуун көмүр чогултулду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көбүрөөк. Ал эми сапаты боюнча азыр бирдемке деп айтуу кыйын. Анткени колумда көмүрдүн сапаты боюнча документтер жок. Бирок менин угушума караганда дурус деп жатышат.

Бирок көмүргө тамызгы болуп берүүчү мазуттун запасын топтоо ойдогудай эмес, деп белгиледи Иконников.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башчысы Файзулла Рахмановдун маалыматы боюнча, быйылкы жылы Бишкек ТЭЦине жергиликтүү көмүр кендеринен 120 миң тонна көмүр ташып келүү пландаштырылган. Анын 7 миң тоннасы Ташкөмүр шаарынан, калганы Каракече көмүр кенин ташылып келүүгө тийиш.

Бирок мурдагы кездеги коррупциялык иштер уланып, жергиликтүү көмүрдү ташып келүүгө такыр акча бөлүнбөй жатат дейт Файзулла Рахманов:

- “Электр станциялар” деген мекеме көмүр ташуунун акысын төлөп бериш керек. Быйыл сегизинчи ай өтүп баратат бир тыйын берише элек. Ошон үчүн 3 миң тонна ташып келип турабыз. Акчанын баарын Казакстанга калтырып жатышат. Ал жерде кымбатка түшөөрү белгилүү. Ошондуктан ТЭЦке көмүр ташуунун абалы оор. Курманбек Бакиевге кат жазып, абалды түшүндүрдүм. Дүйшөмбү күнү оозеки да түшүндүрүп көрөм. Коррупция азайбай эле көбөйүп баратат деп айтам.

Ал эми Каракече көмүр кени эки ай бою иштебей туруп, эми акырындап кыймылдай баштады. Менчик үйлөргө көмүр ташуу болсо адаттагыдай эле күз-кыш айларында күчөй баштайт. Бирок мамлекеттик бюджеттен көмүр тармагына быйылкы жылы 30 миллион сом каралса, анын 5 миллион сому гана берилди. Абал оор, деп белгиледи Рахманов.

Кыргызстан быйыл электр энергиясын Казакстанга жана Россияга сатууда. Ал эми Өзбекстан менен андай келишим түзүлгөн эмес. Сатылган электр энергиясы үчүн Казакстандан көмүр сатылып алынат.

«Электр станциялар» акционердик коомунун башчысы Сапарбек Балкыбековдун маалыматы боюнча, 18-августтан тарта Россияга электр энергиясын экспорттоо башталат. Жалпысынан бул өлкөгө жыл аягына чейин 1миллиард 100 миллион киловат саат электр энергиясын сатуу болжолдонууда. Эгерде өткөн жылы Россияга бир килловат электр кубаты 60 центтен сатылса, быйылкы жылы 66 центтен сатылып, кошумча 600 миң доллар аларыбыз күтүлүүдө, дейт Балкыбеков.

Маалым болгондой, өлкөнүн энергетика тармагы кризисте. Дебитордук карыздар миллиарддаган сомду түзүүдө. Жаңы бийлик тармактын башкаруу системасын өзгөртүү аркылуу кризистен чыгарууну болжолдоп жатат. Ал кандай система болуп түзүлөт, жаңы өкмөттүн структурасы аныкталгандан кийин дайын болмокчу. Азырынча тармакта коррупция, төлөбөстүктөр уланып жатканын адистер өздөрү белгилөөдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG