Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

ТЕМИР ЖОЛЧУЛАРДЫН НААРАЗЫЛЫГЫ УЛАНУУДА


Азиза Турдуева, Бишкек Темир жол башкармалыгынын онго жакын жумушчусу Бишкектеги Горький атындагы аянтчада нааразылык акциясын улантышууда. Алардын ичинен төртөө ачкачылыкта отурушат. Ачкачылык акциясын жарыялагандардын бири Гүлнара Керимбаева Кыргызстандын президенти ант бере турган - 14-август күнү өзүн өзү өрттөй тургандыгын жарыя кылды.

Биринчи ирет 26-апрелден 18-июнга чейин темир жол башкармалыгынын жумушчулары башкармалыктын мурдагы жетекчиси Нариман Тулеевди жумуштан алып, анын ордуна адистиги боюнча темир жолчуну дайындоо, тармактагы коррупциялык иштерге бөгөт койуу талаптары менен чыгышкан.

Анын натыйжасында Нариман Тулеевдин ордуна мурда «Даназык» Акционердик коомунда иштеген, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кыдыкбек Исаев дайындалган. Бирок нааразылык чарада отурган темир жолчулар белгилешкендей, жетекчиликке адис адам дайындалсын деген алардын талабы аткарылган жок.

Ошондуктан 7-июлдан тартып алар кайрадан нааразылык чарага чыгышты. Бул акцияда отурган темир жолчулардын маалыматы боюнча, Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Иса Өмүркуловдун жетекчилиги учурунда эле коррупциялык тармак болуп эсептелип келген темир жол башкармалыгында Тулеев менен Исаев кызматка келгенден бери коррупция андан бетер күчөй баштаган.

Маалымат каражаттарында жазылгандай, 2-август күнү Кыдыкбек Исаевдин жардамчысы Рыспек Эсеналиев темир жол башкарламыгына караштуу Бишкек-2 бекетинин башчысы Колукеевден 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен ички иштер министрлигинин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Муну Кыдыкбек Исаев өзү да «Азаттыкка» ырастады.

30 жылдан ашуун мезгил ичи темир жол тармагында иштеп келген Ильяс Черикбаев наарызылык акцияда отургандыгынын себеби жөнүндө мындай дейт:

- Мен 32 жыл темир жолчу болуп иштедим. Биздин талабыбыз эле – тармакка чыныгы адис келсин. Бизде ондогон жакшы адистер бар, алардын баары Россиядан жана башка жерлерден жогорку окуу жайларды бүтүрүп келгендер. Бизге колу таза адам керек. Ал коррупцияга каршы күрөшүшү керек. Биз болсо азыр көрүп жатабыз, Исаевдин келиши менен «ставкалар» кандай көтөрүлүп жаткандыгы тууралуу. Биз тармактын келечеги үчүн тынчсызданып жатабыз.

Ал эми темир жол башкармалыгынын башчысы Кыдыкбек Исаевдин пикиринде, тармактын башында сөзсүз эле адистин болушу тармактын өнүгүшүнүн зарыл шарты эмес:

- Эми адис болушу керек дешет. Мына Казакстанда, Россияда деле бул тармакты адистер башкарбайт. Бирок тармак кандай гана пайдаларды көрүп жатат. Мына бизде деле буга чейин адистер турушту. Тармак эмне, жыргап кеттиби? Андагы абал өтө начарлап, коррупция өнүктү. Эң башкысы – жетекчи иштин көзүн билиши керек. Азыр тармактагы абал жакшырып бара жатат. Жумушчулардын айлык акылары жогорулатылууда.

Нааразылык чарада отургандардын пикиринде, учурда Кыдыкбек Исаевдин командасы темир жол тармагын атайын банкротко учуратуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Буга байланыштуу акциянын катышуучусу Эрнис Докенов мындай дейт:

- Бизге Нариман Тулеев келгенде эле айткан: «Мени Айдар Акаев койду. Тармак акционерлеништирет” деп. Анда ал ачык айтканынын себеби, 24-мартта ыңкылап болуп кетээрин билген эмес. Азыр эми анын досу Кыдыкбек Исаев ошол эле багытта иш жүргүзүп жатат. Атайын биздин карыздар төлөнбөй, топтолуп атат. Анткени, тармакты банкрот деп жарыялоо максаты көздөлүүдө.

Башкармалыктын башчысы Кыдыкбек Исаев болсо, тармакты менчиктештирүү боюнча эч кандай пландар жок экендиги тууралуу «Азаттыкка» мындайча билдирди:

- Биз Казакстанга, Россияга болгон карыздарыбызды төлөп жатабыз. Эми тармакты акционердик коомго айлантуу маселеси боюнча - мисалы, Казакстанда, Россияда тармак акционердик коомдорго айлантылган. Бул өзү инвестицияларды тартууга ыңгайлуу болот. Бирок бизде азырынча андай пландар жок. Тармак - элдин менчигинде

Ал эми нааразылык акцияда отургандардын бири, 1-августтан бери ачкачылыкта отурган темир жолчу Гүлнара Керимбаева 14-август күнү бийликке нааразылык билдирип, өзүн өзү эмне себептен өрттөгүсү келип жатканын мындайча негиздеди:

- Мына биз үч айга жакын мезгил ичи нааразылык билдирип отурабыз. Бир да бийлик өкүлү бизге келип, талаптарыбызды сурап, кызыгып да коюшкан жок. Мен бул бийликке ишенбей калдым. Биз адегенде Бакиев, Сыдыковдор адамдардын укуктарын коргогон жетекчилер болот деп ишенгенбиз. Азыр эми ишенбей калдык. Мен адам укуктары тепселген мындай өлкөдө жашай албайм. Мен өзүмдү өзүм өрттөсөм, балким менин кесиптештеримдин үнү бийликке угулаар.

XS
SM
MD
LG