Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин граждандык коргоо башкармалыгынын башчысы, полковник Жыргалбек Укашевдин маалыматына караганда, тик учма 15 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп, кайра кулап түшкөн, анан күйө баштаган. Тик учмада экипаждын 4 мүчөсү жана 11 турист болгон. Аларга дароо 500 метр алыстыкта жайгашкан туристтер лагеринен адамдар келип, алгачкы жардам көрсөтүшкөн
Полковник Жыргалбек Укашев тик учманын бортундагылар толугу менен аман-эсен экендигин мындайча билдирди:
- Баары азыр тирүү. Бир эле экипаж командири Волошин бутун сындырып алган. Анан тик учманын командиринин жардамчысы Бугубаев Азамат күйүккө учураган.
Кырсыкка кабылгандарды алып келүү үчүн ушул эле күнү түштөн кийин коргоо министрлигинин карамагындагы тик учма жөнөп кетти. Кырсыктын себептерин атайын комиссия аныктамакчы. Ал эми туристтер кайсы өлкөлөрдөн экендиги тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.