Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

ХАНТЕҢИРДЕГИ КЫРСЫКТЫН СЕБЕПТЕРИ ИЛИКТЕНЕ БАШТАДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек 6-августта Хантеңирде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы аба күчтөрүнө таандык МИ-8МТВ тибиндеги тик учактын кырсыкка учурагандыгынын себептерин атайын комиссия иликтей баштады. Тик учак биротоло күйүп, андагы 17 адамдын ичинен үчөө оор жараат алган. Алар 7-август күнү Караколдон Бишкекке алынып келинди.

6-августта күндүзгү саат бирге жакын Хантеңир чокусунун аймагындагы Түштүк Эңилчек тоо кыркасында кырсыкка учураган тик учакта Германиянын, Россиянын жана Австриянын жарандары болгон. Германиянын жети жараны – Ойохме Стефан, Хелле Мануэль, Айсман Христоф, Керк Веснер, Келс Михаэль жана Алексей Стеблин, Австриядан келген Майер Антон жана орусиялык Тимофей Москалев, Дмитрий Москалев жана Геннадий Гадохин оор жараат алышкан жок.

Туристтер «Тяньшань травел» туристтик компаниянын тейлөө кызматынан пайдаланышкан. Алардын баарында камсыздандыруу кампаниясынын камсыздандырылуусу болгон. Күйүп кеткен учак да 100 миң долларга камсыздандырылган эле. Учак мындан үч жыл мурда 250 миң АКШ долларына сатылып алынган. Буга чейин мындай кырсык 2003-жылы да дал ушул жерде орун алган.

Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинин алдындагы Авиация департаментинин жетекчисинин мидетин аткаруучу Алик Эмрулов 7-августта «Азаттыкка» билдиргендей, бул күнү атайын комиссия Хантеңирдеги кырсыктын себептерин иликтөө ишине киришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин граждандык коргоонуу башкармалыгынын штаб башчысы Жыргалбек Укашев да билдирди:

Бүгүн кырсык болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы тик учак барды. Атайын комиссия кырсыктын себептерин иликтөөгө киришти. Азырынча ага канча убакыт кетээри белгисиз. Кара жашик деген кечээ эле табылган. Ал азыр комиссиянын колунда.

Кырсыкты иликтөө комиссиясынын курамына улуттук коопсуздук кызматынын, ички иштер министрлигинин, башкы прокуратуранын өкүлдөрү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиация департаментинин адистери кирет.

Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинин алдындагы Авиация департаментинин жетекчисинин мидетин аткаруучу Алик Эмрулов белгилегендей, учурда өзгөчө кырдаалдар министрлигинде учактар жетишпейт, бирок өлкөдө тоо туризмин өнүктүрүү керек.

Аталган министрликтин граждандык коргоонуу башкармалыгынын штаб башчысынын маалыматына караганда, кырсыкка учураган тик учактын экипаж командири Алексей Волошиндин буту сынган, анын жардамчысы Азамат Бугубаев менен борт инженер Рыскул Адылбаев күйүккө учурашкан.

Кырсыкка кабылгандарды алып келүү үчүн ушул эле күнү түштөн кийин Бишкектен коргоо министрлигинин карамагындагы тик учма жөнөп, аларды Караколго алып келген. Бул тууралуу 7-авугстта Караколдогу облустук оорукананын дарыгери мындайча билдирди:

- Бизге пилот Адылбаев кечээ кечки саат тогуздан өткөндө түштү. Анын денесинин көп бөлүгү күйгөн. Калган экөө да башка бөлүмдөргө түштү. Күйүккө учуроо - өтө оор жараат болуп эсептелет. Ошондуктан азыр биз эч нерсе айта албайбыз.

Орусиялык туристтер ушул эле күнү өз алдынча унаа жалдашып, Бишкекке келишкен. Караколдогу ооруканага жаткырылган үч адам – экипаж мүчөлөрү жекшембиде учак менен Бишкектеги №4-ооруканага алынып келинди.

Хантеңирдеги тик учак кырсыгынын себептерин иликтөөгө канча убакыт талап кылынаары азырынча белгисиз. Иликтөө иши аяктагандан кийин, өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан расмий маалыматтар берилет.

XS
SM
MD
LG