Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Орусия Тынч окендын түбүнөн жети морякты куткарып алууга жардам берген өлкөлөргө ыраазылык билдирди


Орусия Тынч окендын түбүнөн суу алдында жүрүүчү чакан кайыктын экипажын аман – эсен куткарууга жардам бергени үчүн Британия, Жапония, АКШга ыраазылык билдирди. Британиянын суу алдында иштөөгө ылайыкташтырылган, аралыктан башкарылуучу "Чаян" деп аталган аппараты океанадын түбүнө, 200 метрдей тереңдикке түшүрүлүп, ал орусиялык кайык чырмалып калган тростторду кесүүгө жетишкен эле. Натыйжада кайык бүгүн таңга маал суу үстүнө көтөрүлүп, экипаждын жети мүчөсү андан өз алдынча чыга алышкан. Орусиянын тышкы иштер министрлиги бүгүнкү билдирүүсүндө буга жардам берген өлкөлөргө "терең ыраазылыгын" айтты. Тынч океан флотунун командачысы Виктор Федеров суу алдында жүрүүчүлөрдү аман сактап калууда британиялыктардын салымын өзгөчө экенин белгиледи. Контрадмирал Владмир Пепеляев мындай дейт:

- Мен британиялык кесиптештериме алардын жардамы үчүн ырахмат гана айта алам. Биздин биргелешкен ишибиз кайыктагы кычкылтектин коруна ылайык белгиленген мөөнөтө бул операцияны ийгиликтүү аяктоого жардам берди.

Узундугу 13 метр, салмагы 55 тона келген, суу алдында жүрүүчү чакан кайык чырмалып калган тростор балкчыларга караштуу экен. Ал эми Британиянын аны бошоткон аппаратынын салмагы 1,4 тонна, узундугу 2,75, бийиктигиги 1,8 метр. Атайы учакка салып жүрүүгө ылайыкташып жасалган. Жума күнү 29 адистин коштоосунда учак менен Шотландиядан алынып келинген болчу. Окуя болгон жерге атайын аппараттарын АКШ менен Жапония да жөнөткөн эле, бирок биринчи болуп Британия жеткен. 2000-жылы суу алдында жүрүүчү Курс кемесинин кыйрого учуроосунан 118 моряк каза тапкан болчу. Орус президенти Владимир Путин бул окуядан кийин чет элдик жардамды кабыл албаганы үчүн сындалган.

XS
SM
MD
LG