Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:11

ЕВРОПАНЫН ҮЧ ӨЛКӨСҮ КЫРГЫЗСТАНДА КАЛГАН ӨЗБЕК БОЗГУНДАРЫН КАБЫЛ АЛУУГА ДАЯР


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы 15 качкынды Нидерланды, Швеция жана Финляндия кабыл алууга даяр. Бул тууралуу аталган мамлекеттердин өкмөттөрү Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине ырасмий ноталарын жолдошту. Буга чейин өлкөнүн Баш прокурору эгерде үчүнчү өлкөлөр БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы тарабынан качкын макамы берилген 11 бозгунду кабыл алууга даяр болсо алар өткөрүлүп берилээрин билдирген.

Ушул жылдын май айындагы Анжиян окуяларына байланыштуу Кыргызстанга качып келген 439 өзбек атуулу буга чейин - 28-июлдан 29-июлга караган түнү Румынияга чыгарылган. Ал эми Өзбекстанда оор кылмыш иштерин жасаган деп күнөөлөнүп жаткан 15 качкын учурда Оштогу убактылуу абакта кармалууда.

Алардын 11не буга чейин Качкындар комиссарлыгынан качкын макамы берилген. Бирок өткөн аптада үч өлкө - Швеция, Нидерланды жана Финляндия 15ин тең качкын катары кабыл алууга даяр экендиктерин билдиришти. Бул тууралуу 8-августта тышкы иштер министринин орун басары Таалай Кыдыров «Азаттыкка» билдирди:

- Бизге үч өлкө - Нидерланды, Швеция жана Финляндия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү Кыргызстанда калган 15 качкынды алуу боюнча ырасмий ноталарын жолдоду. Алар 15 качкынды тең качкын катары кабыл алууга даяр. Биз бул ноталарды Башкы прокуратурага жолдодук

15 качкынга байланыштуу көп талаш-тартыштуу пикирлер айтылып келүүдө. Айрым көз караштарга ылайык Кыргызстандагы 15 өзбек бозгуну алардын кылмыш жасагандыгы тастыкталса, өзбек бийлигине өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

Мындай көз карашты буга чейин өлкөнүн Баш прокурору Азимбек Бекназаров да айтып келди. Бирок ал ошону менен өткөн аптада «Азаттыкка» эгерде кайсы бир үчүнчү өлкөлөр калган 15 качкынды кабыл алабыз деп ырасмий билдиришсе, алар ошол өлкөлөргө, БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын карамагына өткөрүлүп берилет деп билдирген:

- Эгерде ошол калган 15 качкынды кабыл алаары тууралуу конкреттүү бир өлкөлөр билдирсе, анда аларды ошол өлкөлөргө өкөрүп берүү жөнүндөгү чечим кабыл алынат. Азыр болсо, эч бир өлкө аларды кабыл алышы тууралуу айтпай жатса, мен кантип кылмышкер деп айыпталып жаткан атуулдарды СИЗОдон чыгарып койомун? Ошондуктан, мен ошондой шарт койдум: эгерде кайсы бир өлкөлөр аларды кылмыш жасаган дегенге карабай, качкын катары кабыл алабыз дешсе, биз аларды Качкындар боюнча конвенцияга ылайык, ошол үчүнчү өлкөлөргө өткөрүп беребиз.

Тышкы иштер министринин орун басары Таалай Кыдыров билдиргендей,
Ош шаарындагы убактылуу абакта жактан 15 өзбек атуулунун ичинен качкын макамы бериле элек 4 атуулга байланыштуу маселе жакынкы күндөрү Бишкекте өлкөнүн тиешелүү структураларынын өкүлдөрү менен талкууланмакчы. 9-августта ал үчүн Бишкекке БУУнун качкындар комиссарлыгынын өкүлдөрү келмекчи:

- Эртең биздин өлкөгө БУУнун башкы башкармалыгынын штаб-кватирасынан атайын өкүлдөр келишет. Алар төрт качкынга статус берүү маселесин иликтешет. Өзбекстан тараптан берилген материалдар менен таанышып чыгышат. Алардын негизинде анан бир жактуу чечим кабыл алышат. Балким буга чейин Качкындар боюнча комиссарлык тарабынан качкын макамы берилбеген оор кылмыш иштерди жасаган деген кине коюлуп жаткан төрт өзбек атуулуна да качкын макамы берилет. Балким, мындай макам берилбейт.

Ал эми өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Хандын айтымында 15 качкынга байлыныштуу маселе кылдат каралууга тийиш:

- Өзбек тарап калган качкындарды аларга өткөрүп берүүнү талап кылып жатат. Анткени, алардын материалдары боюнча 15 качкын кылмыш иштерин жасаган. Эгерде алар кылмыш иштерди жасаган болсо, биз аларды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү маселесин өтө кылдаттык менен карашыбыз керек. Бирок алардын ичинен 11ине качкын макамы берилгендигин да биз эске алышыбыз керек. Биз азыр өзбек тараптан 15 качкын кылмыш иштерин жасагандыгын далилдеген кошумча материалдарды сурадык. Ал материалдар бизге жиберилиши керек. Анан чечим кабыл алынууга тийиш.

Мыйзамдарга ылайык, качкындарды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү боюнча акыркы чечим Башкы прокуратура тарабынан кабыл алынат. Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовдун маалыматы боюнча, Оштогу СИЗОдо отурган 15 качкынга байланыштуу маселе учурда Башкы прокуратура тарабынан каралууда жана жакында чечилиши күтүлүүдө:

- Азыр качкындарды өткөрүп алуу жөнүндөгү үч өлкөнүн нотасы бизге ырасмий түрдө берилген соң, бул маселе Башкы прокуратурада каралып жатат. Буга чейин биз 439 качкынды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берип, туура чечим кабыл алдык. Мен ойлойм, калган качкындар боюнча да биз жакын арада, бул маселе Башкы прокуратура тарабынан иликтенип бүткөндөн кийин бир чечимге келебиз.

XS
SM
MD
LG