Германия соңку жылдары террордун бутасына кабылбаганы менен өлкөдөгү негизги саясий партиялар арасында диний экремист же террорчу деп шектелгендерге карата көрүлүүчү чаралар боюнча кеңири мунаса бардай. Өткөн айда Лондондо орун алган бомба жардыруулар Германияда да ыктымал террорчулар башпаанектеп жүрбөсүн деген чоочулоолорду жаратпай койгон жок. Анын үстүнө 2001-жылдын 11- сентябрында АКШдагы терракттарды жасоого катышкандар, учурунда немец жергесинде жашап кетишкени белгилүү. 11- сентябрь окуяларынан кийин Германия антитеррордук мыйзамдарын эки ирээт күчтөндүргөн эле. Өлкөдө быйыл 16- сентябрда кезексиз парламенттик шайлоо өтөөрүн эске алганда, антитеррордук жаңы мыйзамдар шайлоо кампаниясынын бир темасы болчудай.
Канцлер Герхард Шрөдөрдүн Социал-демократиялык партиясы полицияга шектүү адамдарды соттун чечимисиз эле камакка алууга жана мыйзамдуу жол менен депортацияланбай турган шектүү чет элдиктерди өлкөдөн чыгарууга мүмкүндүк берилиш керек деп эсептейт. Социал–демократтардын башкы атаандашы - оппозициядагы христиан-демократтар эгер алдыдагы шайлоодо жеңишке жетишсе, мындай жаңы чараларды ишке ашырарын билдирүүдө.
Өлкөнүн түштүк тарабындагы Бавария жеринин бийликтери болсо согушкер деп шектелген чет элдиктерге каршы чара көрө башташты. Маселен өткөн аптада алар Ирактагы күрддөрдүн "Ансар ал – Ислами" деген согушчан тобу менен алакасы бар деген кыязда жети ирактыкты депортациялоого буйрук берди. Ошондой эле Мюнхендеги ислам мектебин каржылоону кыскартты.
Германияга коңшу Франциянын ички иштер министри Николас Саркози жек көрүүчүлүктү жайылтып, кыянатчылыкты коргогон адамдар токтоосуз депортацияланарын өткөн айдын соңунда эле билдирген болчу.
Айтор, Британия, Франция, Германия, же Европанын калган өлкөлөрүндө талкууланып жаткан жаңы чаралар Батышта ыктымал кол салууларды алдын алуу үчүн полициядан башка чөйрөлөрдүн да иш жүргүзүү зарылдыгын көргөзүүдө.
Азырынча эл аралык коомчулукка Британиянын демилгелери кеңири белгилүүдөй. Премьер-министр Тони Блэр өткөн аптада жарыялагандай, маселен жаңы чараларга ылайык жек көрүүчүлүк маанайын жайылткан иммигранттар депортацияланат, Британиянын жарандыгын алган чет элдиктер да ушундай аракеттерге барса, жарандыктан ажыратуунун тартиби жеңилдетилет, террорго байланышы бар деп эсептелген адамдарга башпаанек берилбейт. Ошондой эле өкмөт кыянатчылыкты колдогон мечиттерди жабууга да укук алат.
Британ өкмөтүнүн сунушун иликтеп жаткан "Хьюман Райтс Уочт" эл аралык уюмунун пикиринде, алар канчалык алыска жетээрин айтуу азырынча эрте. Бирок уюмдун укук маселелери боюнча кеңешчиси Жеймс Росс "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына берген интервьюсунда мунун Британиядан алыскы өлкөлөргө да таасири болушу мүмкүн экенин белгиледи:
- Мен бир расмий адамдын эле билдирүүсүнөн кеңири жыйынтык чыгаргым келбейт, бирок албетте Улуу Британия - дүйнөдө эркиндик менен демократиянын маанилүү очогу. Алар адам укуктарын ачык бузган чараларды көрсө, башка өлкөлөргө да олуттуу таасири болоору айныксыз.
Британия Адам укуктары боюнча европалык конвенцияга кол койгон өлкө катары эгер тигил же бул иммигрантка өз мекенинде кыйноого же өлүмгө кабылуу коркунучу болсо аны депортациялай албайт. Бирок премьер-министр Тони Блэрдин билдиргенине караганда, ал белгилүү бир өлкөлөр менен депортациялануучу адамдар жогорудагыдай жагдайга кириптер болбошу үчүн кошумча кепилдик алуунун үстүнө иштөөдө. Мындай убада Иорданиядан алынган, эми Алжир, Тунис, Египет менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми "Хьюман Райтс Уочт" уюмунун өкүлү Жеймс Росстун айтымында, буга чейинки тажрыйба берилген убадалар "пайдасыз" экенин көргөзгөн.