Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:19

БАКУДА ОППОЗИЦИЯЧЫЛ САЯСАТЧЫЛАРДЫ АҢДЫП-АЙЫПТОО КҮЧ АЛДЫ


Азербайжанда 6-ноябрь күнү парламенттик шайлоо өтөт. Саясатчылар шайлоо алдында өлкөдө кырдаал чыңалып баратканын айтышууда. 4-август күнү ырасмий Баку оппозициячылардын президент Ильхам Алиевди чет элдик акчанын эсебинен бийликтен кулатуу аракети жок кылынды деп билдирди. Ага удаа алдыңкы оппозициячыл партия – «Элдик майдандын» кеңсесине кол салуу болуп, Бакуда бул партияны жабуу талаптары айтыла баштады.

3-август күнү Бакуда «Жаңы пикир» жаштар партиясынын лидери Руслан Басирли камакка алынды. Бийликтегилер ага Армениянын коопсуздук кызматынан Азербайжанда ыңкылап уюштурууга 2000 доллар алды деген кине тагышты. Окуяга коомчулукту ынандырыш үчүн Азербайжандын коопсуздук кызматы жаш саясатчы Басирли шектүү адамдардан акча алып жаткан жеринен тартып алган видеокассетаны көчөлөрдөгү чоң көрнөктөрдө да көрсөтүштү.

Дүйшөмбүдө Русландын адвокаты жаштар партиясынын лидери ал акчаны армян тыңчыларынан эмес, Грузиялык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн алган деген билдирүү таратты. Билдирүүдө айтылгандай, Басирли ал акчаны саясий максатта эмес, өзүнүн үйлөнүү тоюна жумшамак экен.


Азербайжандагы башкы оппозициячыл партиялардын бири – «Элдик майдандын» жетекчиси Али Керимли жаштар партиясына болгон чабуул жеке ага каршы уюшулган деп эсептейт.

- Басирлиге каршы уюшулган аракет чынында мени бутага алган. Өкмөттүн бардык иштери «Элдик майдан» жана жеке мага каршы жасалууда. Бул окуя кокустан келип чыккан жок.


Азербайжандагы кийинки окуялар Керимлинин айткандарын тастыктагандай эле болду. Өткөн жума жана ишемби күндөрү «Элдик майдан» партиясынын Нахичевандагы кеңсесине белгисиз адамдар кол салып, эмерек-буюмдарды талкалап, ал жердеги бир нече активистти сабап кетишти. Ага удаа Бакуда «Элдик майданды» жабуу талаптары айтыла баштады. Ишембиде өкмөтчүл «Муасир Мусават» партиясы азербайжан оппозициясын каржылап-козутууда деп, АКШнын Улуттук демократиялык институтун айыптап, уюмдун өкүлдөрүн өлкөдөн кетирүүнү талап кылды.

Жаштардын «Жаңы пикир» партиясынын лидери камакка алынгандан кийин өкмөтчүл кыймылдар Бакуда эки ирет пикет уюштуруп, оппозициячыл «Элдик майдандын» ишмердигине тыюу салууну талап этишти.

Фазил Маммадов – Азербайжандын юстиция министрлигинде саясий партия-кыймылдарды каттоо бөлүмүндө иштейт, ал «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде өлкөнүн мыйзамдары партиялар чет мамлекеттерден жардам алышына жол бербестигин белгиледи:

- Бизде андан башка жол жок. Башка өлкөлөрдө мыйзамдарды бузган партиялардын ишмердиги убактылуу токтотулуп, же болбосо аларга ири айыптар тагылат. Бизде андай жоболор жок, ошондуктан мыйзамды бузса дароо жабылышы керек.

Фазил Маммадов мындан сырткары ушу тапта бийликтегилер айрым оппозициячылардын чет элдик жардам алганы жөнүндөгү далилдерди чогултуп жатканын айтып, ал кайсы партиялар экенин тактоодон баш тартты.


Азербайжандын адам укуктарын коргоо борборунун жетекчиси Элдар Зейналов шайлоо жакындаган сайын кырдаал начарлап баратат деген пикирде:

- Саясий кырдаал чыңалып баратат. «Басирлинин иши» бекер жерден чыккан жок, аны кызыкдар кишилер атайлап даярдашкан. Бул провокация, Басирли ал ишке бирөөлөрдүн кысымы алдында барды.


Азербайжандын президенти Ильхам Алиев соңку окуяларга карата көз карашын билдире элек, анын басма сөз кызматы бардыгы мыйзамдардын чегинде болот деп гана ишендирүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG