Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

ИРАН УРАНДЫ БАЙЫТУУГА КИРИШТИ


Иран Исфахандагы атомдук заводдо МАГАТЭ орноткон мөөрлөрдү алып таштап, уранды байытуу иштерине толук киришүүгө камданып жатканы кабарланды. Өлкөнүн атомдук энергия боюнча агенттигинин вице-президенти Мохаммад Саид мөөрлөрдү алып таштоо МАГАТЭнин көзөмөлү астында жүрүп жатканын билдирди. Ал тапта Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ – Ирандын уранды байытуу аракеттерин талкуулаган чукул жыйынын кийинкиге жылдырды. МАГАТЭнин жетекчиси Мохамед Эл Барадейи кечээ агенттик Ирандын соңку аракеттерине кандай жооп берүү чечимин дагы бир, же эки күн талкуулашы мүмкүн деп билдирген.

Ошентип, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Ирандын соңку аракеттерине карата кандай жооп берүү маселесин иликтеп жаткан кез. Ал тапта АКШ менен Ирандын президенттери Тегерандын өзөктүк программасынын тегерегинде карама-каршы мазмундагы билдирүүлөр жасашты. АКШ президенти Жорж Буш Тегеран Франция, Германия, Британия биригип сунуш кылган кызматташтык долбоорун кабыл албай, уранды байытууну улантаарын билдиргенин терең тынчсыздануу менен кабыл алганын айтты. Бирок андан кийин Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Европалык дипломаттар менен сүйлөшүүнү улантуу ниетин билдиргенин кубаттай кетти:

- Ирандын президентинин бул айткандары, менимче, оң көрүнүш. Ирандыктар алардын өзөктүк программасы жалгыз АКШны эмес, европалыктарды да кабатыр кылып жатканын түшүнө баштаган өңдүү.


Иран дүйшөмбү күнү Исфахандагы заводдо чийки уранды газга айландыруу иштери башталганын жарыялаган. Эксперттердин айтымында, уран андан ары байытылса, өзөктүк отун, же курал жасоого керектелиши мүмкүн. Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад бирок, биз мыйзамга каршы эч нерсе жасаган жокпуз, жаңы өкмөттү бекиткенден кийин бул маселени биротоло чечүүгө киришебиз деп билдирди.

Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Сирус Насери шейшембиде Венада кабарчыларга буларды маалымдады:

- Исфаханда башталган иштер биздин өнөктөштөрдү чочутуу, же башка провокациялык максаттарды көздөбөйт. Бул болгону европалыктардын биздин көңүлдү чөктүргөн сунуштарын жандантып, биз менен бир орток мунасага келтирүү аракети.

МАГАТЭ шейшембиде Ирандын соңку аракеттери боюнча чукул жыйын өткөрдү. Ага катышкан элчилердин бири Орусия Франция, Германияга кошулуп, Иранды уранды байытуу аракеттерин токтотууга үндөгөнүн маалымдады.

Бирок элчи Бруно Пеллауд дагы бир катар өлкөлөр Тегеран боюнча резолюцияда андай сөздөрдү колдонууга каршы чыкканын кошумчалады:

- Жалпысынан алганда, МАГАТЭге мүчө бир катар өлкөлөр Иранды мыйзамдуу аракеттери үчүн ачык айыптоого каршыбыз деп чыгышты. Мисалга, Малайзиянын өкүлү ушундай билдирүү жасады.


Ошентип, АКШ, Европа Биримдиги МАГАТЭге мүчө өлкөлөр менен тыгыз сүйлөшүүлөр жүргүзүп, Ирандын уранды байытуу аракетине каршы кадамдарды талкуулап жатат. Венадагы жыйын качан улантылаары так айтыла элек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG