Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

ПРЕЗИДЕНТ АЗЕМИ, РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВДУН МАЕГИ, ТЕМИР ЖОЛЧУЛАРДЫН НААРАЗЫЛЫГЫ


Президенттин кызматка киришүү жөрөлгөсү өтүп жаткан чакта кыйладан бери ачкалык жарыялап отурган темир жолчулардын бири өзүн-өзү өрттөй турганын билдирди. Президенттин ант берүү аземи башкалаанын «Алатоо» аянтында өтмөкчү.

Президент аземи башталган чакта шумдуктуу саясий акция жасоого бел байлаган Гүлнара Керимбаеванын айтымында, жаңы бийликтин мурункусунан эч кандай айырмасы жок. «Өзүмү-өзүм өрттөп ийсем гана бу кулагы керең, көзү көр бийлик акылына келип калар», деп билдирген ал «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун байкоочуларына.

Темир жолчулардын кыйладан бери улантылып келаткан нааразылыгы, азыркы бийликтин мурдагы оппозицияны кодулап, А. Акаевди жактаган адамдарды кызматка коюп келаткандыгы Азиза Абдырасулованын «Жаңы бийлик бизди акырын өлсүн деп таштап койду» деген макаласында баяндалган. Макала 11-августтагы «Лица» гезитинде жарыяланган.

24-марттагы бийлик алмашуунун таржымалы, А.Акаевдин кадр саясаты, эмнеликтен мурдагы президенттин айланасындагылары, үй-бүлөсү оппозиция менен сүйлөшүүгө барбай койгону, непадам ыңкылап ишке ашпай калса бийлик каршылаштарын бир четтен камоого буйрук берилгени Равшан Жээнбековдун ушул эле гезиттеги маегинде козголгон. Маек «30 жашында министр, 34 жашында төңкөрүшчүл» деген аталышта жарыяланган.

Президенттин ишке кирүү жөрөлгөсү, салтанат аземдин кандай өтөрү жума күнү чыгып аткан гезиттердин дээрлик баарында жарыяланууда. Жума күнкү «МСН», «Эркинтоо», «Кыргыз туусу», «Жаңы ордо», «Вечерний Бишкек» гезиттеринде бул тууралуу кенен материалдар жарыяланууда.

«Кыргыз туусу» гезити апта соңунда кандай материалдарга орун берип жатканын баяндамачы Бактыгүл Чотурова айтып берди:

- 12-августта жарык көргөн «Кыргыз туусу» гезитинде «Эл айтат, демек эп айтат» рубрикасы жарык көрдү. Анда мамлекеттик сыйлыктар, наамдар бармак басты, көз кысты, жең ичинен бөлүнгөнү, ошондой эле улуттук жазуучулар союзу, улуттук тил, кайчы сындарга орун берилди. «Талдыбулактагы жаңжал» аттуу макалада Өтмөк –Талас – Тараз канжолун куруп жаткан түркиялык фирма менен жергиликтүү жумушчулардын чатагынын себептери айтылган. Ошондой эле «Кыргызалтын» ачык типтеги акционердик коомунун вице-президенти Максат Жээналиевдин газетага түшкөн Тогузторо элинин «Кыргызалтын» АКсынан бөлүнүү тууралуу пикирине жооп берген макаласын жарыялап жатабыз. Кыргыздын белгилүү кыздарынын бири Чынара Жакыпова тууралуу макаланы да гезиттин ушул санынан окуй аласыздар.

Эмки кеп кезеги «Жаңы ордо» гезитинин башкы редакторунун орунбасары Жаныбек Атамбековдо:

- Гезитибиздин жаңы санында негизинен президенттин инаугурациясына арналган материалдар арбын, экспресс-интервьюларыбыз бар. Султан Раевдин гезитте жарыяланып жаткан маеги мына ушул темага арналган. Мурда ички иштер кызматында иштеген милициянын полковниги Жунусовдун кантип милиция кызматкерлери оор кылмыштарды жашырып келгендигин тууралуу айтып берген. Гезитте ошондой эле Москвадагы кыргыздардын оор абалы тууралуу «Москвадагы кыргыздардын көргөн күнүн ит да көрбөсүн» деген макалага да орун берилүүдө.
XS
SM
MD
LG