Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:06

ТҮШТҮКТӨ КЫРДААЛ ТОЛУК ТУРУКТАША ЭЛЕКПИ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Президенттин түштүк аймагындагы ыйгарым өкүлү Алмамбет Матубраимовдун бул кызматка киришкенине төрт айга чукулдап калды. Анын пикиринде, түштүктө кырдаал али толук турукташты деп айтканга болбойт. Президенттин өкүлү «Кабар» агенттигинде болгон маалымат жыйынында диний кырдаалга, качкындар маселесине жана башка көйгөйлөргө токтолду.

Алмамбет Матубраимовдун айтымында, Өзбекстан Анжиян козголоңуна тиешеси бар деп кыргызстандык 90го жакын атуулга издөө жарыялаган. Бирок алар май айындагы козголоң болгон күндөрү Анжиянга туугандарына же базарга жумуштап барган болушу мүмкүн:

- Өзбекстандын атайын кызматтары 300гө жакын адамдын тизмесин, сүрөттөрү менен кошо берди. Анын ичинде 90го чукул кыргызстандык атуул бар. Алар козголоң учурунда сүрөткө жана видеотасмаларга түшүп калган деп атышат. Бирок Анжиянга балким базарга барган, а балким туугандарына учурушканы барган, ким билет?..

Бирок коңшу өлкө берген материалдардын негизинде Ошто үч адам камакка алынды деген маалыматты Алмамбет Матубраимов тастыктаган да, жокко чыгарган да жок.

Жергиликтүү укук коргоочулар болсо Ошто Анжиян окуясына байланыштуу үч адам камакка алынды деп жатышат. Интернет-баракчаларда анын бири дале камакта, экөө жашаган жеринен кетпөө тил каты менен бошотулган деген маалыматтар бар.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» уюмунун лидери Төлөйкан Имаилова да андай маалымат түшкөн дейт:

- Он күндөй болуп калды, үч адам камалганы чын. Анын бири азыр дале камакта, экөө тилкат менен бошотулган. Жакында Ошко барып, ушул маселени иликтегени жатабыз.

Президенттин түштүктөгү өкүлү ыңкылаптан кийин кырдаал толук турукташты деп айта албайт. Элдин революциялык маанайы дале түшө элек, андыктан улам бир маселе боюнча топтошкон элди көрүүгө болот экен.

Түштүктөгү дагы бир оор маселенин бири наркотрафик. Алмамбет Матубраимовдун айтымында, мурдагы бийликтин тушунда чоң мамлекеттик кызматтагы жооптуу адамдар өздөрү да ага аралашып жүргөн:

- Улуттук коопсуздук кызматта, ички иштер министрлигинде наркосоодага аралашкан чиновниктер болгон. Аларды биз азыр тазалап, бошотуп жатабыз. Бул учурда эң башкы жаза ушул болуш керек, кызматтан алып, кайра кызматка алынбагыдай болуш керек.

Матурбраимов мырзанын пикиринде, учурда өкмөттүн күн тартибинде кыргыз-өзбек чек арасын чыңдооо максаты турат. Ошондой эле түштүктө күч органдарын кубаттандыруу зарылдыгы жөнүндө өкмөткө сунуш айтып жатам дейт. Алмамбет Матубраимов диний ишеним күчтүү бул региондордо “хизб ут-тахрирчилердин» анчалык деле коркунучу жок деп билдирди. Анын айтымында, Анжиян козголоңунан кийин диний чөйрөдө аларды жерүү сезими күч алып, айрыкча мечиттерде аларды сынга алган пикирлер көп болду.

XS
SM
MD
LG