Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

НАСА МАРСКА ЖАНДООЧ КОНДУРГАНЫ ЖАТАТ


Кошмо Штаттардын космосту изилдөө агенттиги - НАСА ушу тапта Марсты чалгындоочу жандоочту “Кызыл планетага” кондуруу аракетин кылууда. Окмуштуулар 720 миллион долларлык жандоочу кеме төрт жылдык миссиясы учурунда Марстын аба ырайы жана кыртышы тууралуу кеңири маалымат берет деген үмүттө.

Кошмо Штаттардын космосту изилдөө агенттиги- НАСАнын Марсты үйрөнүү программасынын башчысы Дуг Миквистион жандоочу-кеме аткарчу иштерге мындай мүнөздөмө берет:

- Марсты чалгындоочу жандооч – бул аба ырайын изилдөөчү саттелит, геолог-изилдөөчү, байланыш саттелити жана келечекте планетага робот жана адамзаттын конуусу үчүн жол салуучу аңчы. Анын Марстагы “сууну изилдөө стратегиясы” деп аталган программаны аткарууда стратегиялык ролу өтө маанилүү.

Адистердин айтымында, буга чейин “Кызыл планетага” жөнөтүлгөн жандоочулар сапаты төмөн сүрөттөрдү жөнөткөндүктөн илимпоздордун Марстын бети жөнүндөгү билими өтө жалпы жана чектелүү гана. Ал эми мурда америкалыктар учурган “Spirit” жана “Opportunity” кемелери сапаттуу сүрөттөрдү тартканы менен, алар Марстын “топунун ордудай” гана бөлүгүн камтыган. Марс, аалымдардын айтышынча, аянты боюнча Европанын чакан өлкөсүнө же АКШнын чакан бир штатына тең келет.

Азыркы миссияга жүктөлгөн негизги вазийпанын бири Марстагы суунун корун аныктоо. Планетанын бетинде тоңгон суунун бар экени такталса, ал болочокто “Кызыл планетага” учкан астронавттар тарабынан түрдүү максаттарда колдонулушу мүмкүн.

Марстын кыртышынын так-даана жана майда барат заттары тартылган сүрөт алыскы планетага адамдарды учуруу үчүн да керек. Сөз Британиянын падышалык астрономия коомунун эксперти Питер Бонддо:

- Акыр аягында, НАСАда Марска адам учуруу планы бар экени анык. Ага европалыктар менен япондордо да кошулалы деген үмүтү бар. Сиз эгерде алыс аралыкка өмүрүн тобокелге салып, адамдарды жөнөткөнү жатсаңыз, алар коопсуз конгонго жайды мерчемдеп коюшуңуз керек. Бул балким 25-30-жылдан кийин болор. Анткен менен алар Марстын бетинин так картасын алууну азыртан ойлонуштурушууда. Бул аларга бир күнү адамды планетага аман-эсен кондуруу идеясын берет.

Марс деп аталган жандоочунун сапары ийгиликтүү болсо, НАСА планетага дагы эки чалгынчы кемени жөнөтөт.
XS
SM
MD
LG