Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

ИРАКТЫК ШИИТТЕР ДА АВТОНОМИЯ БОЛУУНУ КААЛАШАТ


Ирактын жаңы Конституциясы бекитилгенге төрт күн калганда, шииттердин таасирлүү партиясы өлкөдөгү бардык шиит аймактарын бириктирген автономия түзүү сунушу менен чыкты. Сунуш-үндөө өлкөнүн саясый чөйрөлөрүн дүрбөлөлөңгө салды. Себеби, шииттер талабында бекем турса, Ирак шииттер жашаган түштүккө, күрттөр жашаган түндүккө жана сунниттер аймагы болуп, үчкө бөлүнүп кетиши ыктымал. Сунушту айрым шиит лидерлери менен суннит саясатчылары колдошкон жок. Талашты жөндөө үчүн бир катар сүйлөшүүлөр өткөрүлмөк болууда.

Ирактагы ислам революциясынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Абделазиз ал-Хаким өлкө түштүгүндө жана ортолугунда шииттердин федералдык чөлкөмүн түзүү идеясын жактап чыкты. Шииттердин эң чоң саясый партиясынын башчысы Абдулазиз ал-Хаким кечээ Нажаф шаарында өткөн жыйында сүйлөп, мындай деди:

- Ортолук түштүк чөлкөм жөнүндө айта турган болсок, биздин оюбузча, Ирактын ортолугу менен түштүгүндөгү элдин жалпы окшоштугуна жана аларга каршы адилетсиз саясат жүргүзүлгөнгө байланыштуу бул чөлкөмдөрдү бириктириш керек.

Федералдык башкарууну шииттерден башка Ирактын түндүгүндө топтошо жашаган күрттөр да талап кылышууда. Күрттөр иш жүзүндө - де факто 1991-жылдан бери Багдаддын бийлигин чанып, автономиялык башкарууда. Ошондуктан, көпчүлүк саясатчылар күрт автономиясына ачык каршы чыгышпай, аны колдоочудай болуп жатышат.

Бирок алар шииттердин түштүктү автономиялык башкаруусуна каршы. Чөлкөм мунай кендерине мол болгондуктан, автономия түзүлгөндөн кийин, өлкөнүн башка аймактары менен анын кирешесин бөлүшпөй калат деп чочушат саясатчылар.

Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Ибрагим Жафаринин өкүлү шиит автономиясын түзүүнү “болбогон идея” деп атады. Жафари шииттердин Ислам ал-Дава партиясынан. Бул партия жакында болгон парламенттик шайлоого Ирак ислам революциясынын Жогорку Кеңеши менен бир блок түзүп катышкан.

Араб-суннилердин эң чоң Ирак ислам партиясынын пикиринде араб-шииттер да араб эмес күрттөр сыяктуу автономия түзүүчү болсо, өлкө ыдырап кетет. Андыктан, партиянын өкүлү Абдул Кадыр мындай сунуш жасады:

– Борборго бийликти биротоло топтобоо үчүн, административдик бийликти бардык губернаторлор менен бир аз бөлүшүү шарт. Бирок түштүктө автономия түзүлчү жагдайга кырдаалды жеткирбеш керек.

Бул талаштын жөндөлүшү Ирак парламентинин 15-августта өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоорун кабыл алуусуна өбөлгө түзөөрү шексиз.

XS
SM
MD
LG