Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

КУРМАНБЕК БАКИЕВ КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ АНТ БЕРИП, КЫЗМАТКА КИРИШТИ


Жаңы шайланган президент Курманбек Бакиевдин кызматына киришүү алдында кыргыз элине ант берүү аземи 14-августта Бишкекте Алатоо аянтында өткөрүлдү. Ант берүүдөн кийин сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев өлкөнүн экономикасын көтөрүп, элдин жашоосун оңдоого, демократияны жана атуулдук коомду мындан ары өнүктүрүп, ар бир атуулдун укуктарын коргоого убада берди.

Президенттин ант берүү аземи эртең мененки саат тогуздан элүү минут өткөндө ордо шаардын борбордук аянтында башталып, бир жарым саатка созулду.

Бул салтанаттуу иш-чарага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана башка өлкөлөрдөн келишкен расмий бийлик өкүлдөрү катышышты.

Адегенде, кыргыз салтына ылайык алас айтылып, ысырыкталды:

- Урматтуу Курманбек Салиевич, ата-бабадан калган салт боюнча улуу такка отураар алдында ырымдап коюуга уруксат этиңиз.

Чөлдүү жерде булак бол,
Аргымак минген баатыр бол.
Алсыздарга жакын бол,
Күлүк минген күчтүү бол.
Эл журтуңа энчи бол,
Эл журтуңдун кенчи бол.

Жараткан сизди жалаа сөздөн сактасын.
Алас, алас, алас, ар балееден калас!


Андан соң 10-июлда жалпы улут тарабынан тикелей шайлоодо жеңген Курманбек Бакиев аянтка келип, улут алдында ант берди:

- Мен, Курманбек Бакиев, бүтүндөй эл ишенип мага жүктөгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин бийик милдетин талыкпастан, ар намыстуулук менен аткарууга өз элимдин, ыйык Атажуртум - Алатоонун алдында ант берем!

Курманбек Бакиев президент катары расмий жарыяланган соң, өлкөнүн гимни ойнолду.

Андан соң президент Курманбек Бакиев жыйылган калк алдында сөз сүйлөп, экономиканы көтөрүп, элдин жашоосун оңдоого убада берди:

- Элимдин абалынын оңолушуна, экономикабызды көтөрүүнү көзүм көрүп, акылым жетип турат. Өлкөдөгү коррупциянын тамырын кыркып, көмүскө экономиканы ачыкка алып чыгууга аракет кылабыз. Өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында, эң алыскы айыл-кыштактарда элибиз социалдык теңдикте, калыстыкта өз тилегин ишке ашырууга тийиш жана биз ага сөзсүз шарт түзүп берүүгө күрөшөбүз.

Ошондой эле президент Курманбек Бакиев демократияны өнүктүрүүгө да аракет жасаарын белгилей кетти:

- Демократияны, жарандык коомду мындан ары да өнүктүрүү, жарандардын эркиндигин жана укуктарын коргоо биздин ыйык парызыбыз жана 24-марттагы элдик жеңишти татыктуу улантуу - биздин түбөлүк милдетибиз.

Андан аркы сөзүндө Курманбек Бакиев өлкөнүн тышкы саясатына да учкай токтолду:

- Кыргызстан эч качан кимдир-бирөөлөрдүн геосаясий максаттарын жүзөгө ашыруу жерине айланбайт,

деген Курманбек Бакиев элге ыраазычылык билдирди:

- Элиме, бул жерде отургандарга мага ишеним көрсөткөндүгүңүздөр үчүн терең ыраазылык билдирем жана аны толук актай турганыма ишенем.

Сөз сүйлөп бүткөндөн кийин Курманбек Бакиев ант берүү аземине келген коноктор менен учурашты. Көп өтпөй таанымал төкмө акындар келген конокторду кошуп ырдашып, өнөрпоздор аземге келгендерге ыр-күү тартуулашты.

XS
SM
MD
LG