Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

ГАЗА ТИЛКЕСИНЕН ЖӨӨТ КАЛКЫН КӨЧҮРҮҮ ИШИ БАШТАЛДЫ


Жекшембиде Жакынкы Чыгышта кырдаал кайрадан чыңала түштү. Дал ушул күнү түн ортосунда Газа тилкесиндеги жөөт маалаларында жашаган калкты көчүрүп кетүү жараяны башталды. Тактап айтканда, жекшембиден дүйшөмбүгө оогон түн ортосунда Израил өкмөтү өз жарандарынын ыктыярдуу көчүп кетүүсүнө берген акыркы 48 сааттын эсеби башталды.

38 жылдан бери палестин аймактарында жашап көнүп калган жөөт көчмөндөрүнүн алты миңдейи өкмөттүн талабын аткаруудан баш тартып, үйлөрүнөн чыкпай отурганы кабарланган. Израил өкмөтү жаңы үй сатып алууга жүз миңдеген долларды насыяга берип, жер которууну сунуштаган 21 чакан кыштактын элинин 80%ына жакыны ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, буга чейин эле көчүп кетишкен.

Жекшембиде Газа тилкесиндеги жөөт маалаларын Израил менен Палестинанын аскерлери курчоого алып, коопсуздукту күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөөгө алышты. Түн ортосунан оогондо, жөөт аскерлери көчүп кетүүдөн баш тарткан элди күчкө салып алып кете баштаары пландаштырылган. Израилдин бийликтери аскерлер куралсыз болоорун катуу эскерткени менен курчоого алынган аймактарда бул жараян бир топ нааразылык жаратты.


Израилдин өзүндө да өкмөттүн бул демилгеси кыйла каршылык жаратып, Газа тилкесиндеги кыштактарды калтырууну талап кылган демонстрацияларга 150 миңдей адам катышты. Ишембиде Газадагы жөөт лидерлери чогулуп, элди күчтөп көчүргөнү келген аскерлердин буйруктарына көнбөөгө үндөштү. Байкоочулар бирок жекшембиде жөөт маалаларындагы бир топ үйлөр аңгырап бош калганын билдиришти.


Жекшембиде Палестинанын маалымат министри Набил Шаат Израил өкмөтү пландаштырган бардык жөөт кыштактары бошотулган күндө да, Газа тилкеси дагы эле басылып алынган бойдон кала берет деп белгиледи.

- Газа дагы эле толук бошотулбайт. Асманды Израил көзөмөлдөп жатат. Аба мейкиндиги, электротолкундар, деңизге кетчү жолдор – жөөттөрдүн колунда. Ага кошумча Израил каалаган жерине жаңы конуштарды орнотобуз деп жарыялады. Бул аймак – Эл аралык Женева конвенциясынын коргоосуна муктаж жер бойдон кала бермекчи.


Израил аскерлерине кошумча көчүп кетип жаткан жөөт маалаларын тегерете жекшембиде 7 жарым миңдей палестин аскерлери тикесинен тик тургузулду. Палестинанын президенти Махмуд Аббас жөөт маалаларын көчүрүп кетүү жараяны кан төгүүсүз өтсүн деп өз элине кайрылган. Ошентсе окуя тынч башталган жок, жекшембиде эртең менен палестин согушкерлери менен атышууга удаа Израилдик танктын жаза атылган огунан беш жөөт аскери жарадар болгону кабарланды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG