Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

ИТЖЫГЫЛЫШ ШАЙЛООНУН ТАЛАШЫ СОТТО УЛАНУУДА


15-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту № 39-Куршаб шайлоо округунан парламент депутаттыгына талапкер Мамат Орозбаевдин Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул жылдын 2-августундагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү доо-арызын кароону баштады. БШК аталган шайлоо чөлкөмүндөгү үч шайлоо участогундагы кайра шайлоо жыйынтыгын мыйзамдуу деп таап, талапкер Адахан Мадумаровду депутат деп каттаган.

Райондук сот бул күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн күбө катары суракка алып, ишти кароону кийинки күнгө жылдырды. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Көкүмбай Турусбеков, Абдыжапар Бегматов, Владимир Лисовский кайра шайлоо өткөн үч участокто айрым бир мүчүлүштүктөр байкалганы менен, шайлоо негизинен мыйзам чегинде өткөнүн ырасташты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков шайлоочулардын тизмесинин начар түзүлүп калышын Өзгөн шаар башчылыгынын күнөөсү катары түшүндүрдү:

- Тизмелер туура эмес түзүлгөн. Бул шаар башчысынын күнөөсү. Мен дагы бир жолу кайталап коеюн, мэрдин өзүнө да айтпадымбы. Эгер мэр, анан сиз (округдук шайлоо комиссия жетекчиси – Ред.), туура талап койсоңуз, же ушул талапты шайлоо башталганга чейин койсоңуз, биз шайлоону жылдырат болчубуз.

Округдук шайлоо комиссия жетекчиси:

- Тизмени, көчө-көчөгө бөлүнгөн тизмени мен берсем. Ал тизме азыр деле менде бар, бергилечи…

- Анда эмнеге көрсөткөн жоксуңар. Бул мени айран калтырат да…

Шайлоочулардын тизмесинин туура эмес түзүлүшүнөн кайра шайлоо участогунда 5 миңге жакын шайлоочу добуш бере албай калды, дейт парламент депутаттыгына талапкер Мамат Орозбаев:

- 3 участка, 58, 59, 62-участкадагы комиссиянын төрагалары, анын мүчөлөрү жокко чыгарылып, жаңы курамда шайлоо комиссиялары иштейт деп, ызы-чуу чыгат дагы ошонун негизинде комиссиялар эч кандай иш жүргүзбөйт. Тизмелер такталбайт. Президенттик шайлоого 9600 шайлоочу каттталган болсо, ошонун 8600ү добуш беришкен. 31-июлдагы парламенттик кайра добуш берүүдө негедир биринчи турдагы тизме жараксыз, экинчи турдагы 13-марттагы шайлоо тизмеси жараксыз, президенттик шайлоо өткөн тизме жараксыз деп туруп мэрия менен ушул комиссиянын кетирген катасынын кесепетинен 5000 ашуун шайлоочу шайлоого кирбей калат. Бул тизме атайын ушундай жасалган.

М.Орозбаевдин пикирине Адахан Мадумаровдун шайлоо штабынын жетекчиси Талантбек Максутов макул эмес. Ал добуш берүүгө талаштуу шайлоо участогуна элдин аз келишин жайкы жумуштардын көптүгү, карапайым калктын саясий өнөктүктөрдөн тажай баштаганына байланыштуу түшүндүрдү:

- Мамат Орозбаевичтин шайлоосуна элдин аз келип колдобой койгону - ал «Алга, Кыргызстан!» партиясын уюштурган лидерлердин бири. Кооператорлор партиясынын башчысы, бул партия «Алганын» курамына кирген. «Алга, Кыргызстан!» партиясы 24-марттагы ыңкылаптан кийин баркын жоготуп алды. Эл мурда ишенген. Бул кишилердин артынан ээрчиген себеби – булар бай кишилер.

№ 39-Куршаб округдук шайлоо комиссиясынын төрайымы Марапат Арналиева шайлоо мыйзамын билбестиктен айрым мүчүлүштөргө жол бергенин моюнга алып, Борбордук шайлоо комиссиясы усулдук көмөк көрсөтүштүн ордуна кысым жасап келатканына нааразы экенин жашырган жок:

- Эми келип окружкомду, участкалык комиссияларды күнөөлөгөнгө, мисалы, эч кимдин акысы жок. Мен өзүм жөнүндө айткан жокмун. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан участкалык комиссияга, окружкомго кандайдыр ишенбөөчүлүк бар. БШК ушул маселелерди мурда эле туура чечип койсо ушул экөөнүн ортосунда чыр-чатактар болбос эле. Элдерге да жетпес эле.

Парламент шайлоонун талашынан тутанган нааразылык бийликтин алмашуусуна алып келгени көпчүлүктүн эсинде. Кайра шайлоонун жыйынтыктарын бекиткен Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен М.Орозбаев сотко кайрылды. Анын өнөгөсүн дагы бир талапкер Токтосун Мадияров жолдоп сотко доо-арыз жөнөткөнү белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG