Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:30

ФЕЛИКС КУЛОВ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРДИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ


15-августта президент Курманбек Бакиев Феликс Куловду премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып өз жарлыгы менен дайындады. Эми парламент Куловдун талапкерлигин жактырса быйыл 13-майда Бакиев менен Куловдун ортосунда түзүлгөн тандемдин негизги шарты күчүнө кирген болот. Анын үстүнө Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу - түрмөгө жатып чыккан адам - мамлекеттик бийик кызматка дайындалып отурат.

Феликс Кулов ары татаал жана кызыктуу тагдырды баштан кечирди. Дүйнө тарыхында түрмөгө саясий себептер менен отуруп, кийин мамлекеттик бийик кызматка келген адамдар саналуу эле. Алардын бири - кыргызстандык Феликс Кулов болоору эч кимдин оюна келбесе керек. Кыргызстандын экинчи президенттик кызматына негизги талапкер бул адам кийин абакка отуруп, анан 24-марттагы ыңкылаптын арты менен эркиндикке чыгып, башы азат болот деп ким ойлоптур. Анан 13-майда Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ортосундагы ынтымак келишиминин же тандемдин түзүлүшүнө да элдик ыңкылаптын жана Кулов баштан кечирген тагдыр шарт түзгөнсүдү.

«Легендарлуу парламенттин» төрагасы, айтылуу саясатчы Медеткан Шеримкулов президент болгон соң сөзүнө туруп, Феликс Куловду премьер-министрликке бекитип жаткан Курманбек Бакиевге дагы, президенттик шайлоого катышуудан баш тартып, элдин ынтымагы үчүн өзүнүн амбициясын жыйыштыра билген Феликс Куловго да баа берерин айтат:

- Мен ойлойм, бул чечим абдан туура болду, эл ушуну күткөн болчу. Эгерде бул чечим болбогондо эл Курманбек Салиевичтин жасаган кадамдарын туура түшүнбөй калмак. Себеби кыргыздын эки азаматы бир келишимге келип жаткандыктан аны аягына чыгарыш керек эле. Менимче бул чечим абдан туура болду – себеби шайлоонун убагында Феликс Шаршенбаевич жигиттик чоң иш жасады.

Медеткан Шеримкуловдон кийин биз пикирин сураган Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын лидери Жыпар Жекшеев Бакиев-Кулов тандеминин өмүрү алар кандай кадрларды тандап, таянат – ошого жараша болот деген пикирде. Себеп дегенде экөөнүн ортосунда түзүлгөн келишим боюнча эгер Бакиев Куловду кызматтан кетирем десе анда президенттик кызматтан өзү кетүүгө тийиш:

- Менин булардан күткөнүм – реформаны ишке ашыра турган команда түзүп, ошол команда менен иштеп кетиши керек. Ошондо гана Бакиев-Кулов тандеми өзүнүн тарыхый ролун ойнойт. Жок, эгерде ошого булардын эрки-кудурети жетпей, майданалып, ар бир адамдын көңүлүнө карап, анын түштүк-түндүк деп соодалаша беришсе анда көп кыйынчылыктар болушу мүмкүн.

Жыпар Жекшеевден кийинки маектешибиз генерал Өмүрбек Суваналиев болду. Ал көп жыл бою Феликс Кулов менен ийиндеш иштеп, ал кишинин сырын дагы, мүмкүнчүлүктөрүн дагы жакшы билет. Бирок 24-марттан кийин ички иштер министринин орун басары – Бишкек шаарынын милициясынын башчысы болуп иштеген Өмүрбек Суваналиев Курманбек Бакиевдин кадр саясаты менен макул эместигин айтып, өз эрки менен отставкага кеткен, ошол себептен анын ою биз үчүн кызык болду:

- Азыр элдин суроосу эле – тандем канчага чейин созулат, канча убакыт иштейт деген суроо. Анткени элде «эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» деген сөз бар дешет алар. Ошол философиялык нерседен алыс болуп туруп, булар элдин кызыкчылыгы үчүн элдин мүдөөсүн аткарышса жакшы болот. Анын үстүнө Бакиевдин бийлик укуктары Конституцияга жазылган, ал эми өкмөттүн укуктары чектелүү. Ошого карата Бакиев Куловго кандай бийлик укуктарын берет же бербей койсо – көшөгө артындагы оюндар күчөп кетеби… Бирок менимче, Бакиев деле, Кулов деле ушуну түшүнүп жатышат. Эгер экөөнүн ортосунда чыр-чатак чыгып кетсе Кыргызстан үчүн оор болуп калат. .

Би-Би-Синин кабарчысы Кубат Чекиров Бакиев-Кулов тандеминин бир кемчилиги бар дейт, бул - экөөнүн милдеттерди туура эмес бөлүштүрүп калганында:

- Күч органдарынын өкүлү Куловдун чарбалык ишке коюлуп, ал эми чарбада көп иштеген Бакиевдин күч органдарын өзүм башкарам деши – бул экөөнүн ишин алмаштырып койгонго барабар деп айтып жүрүшөт талдоочулар. Анан бул акыры келип, ал экөөнүн ортосундагы дымактарынын кагылышуусуна алып келет деп кошумчалашат алар.

Дээрлик баардык маектештерибиз Феликс Куловдун парламенттен токтоосуз бекишин бөркүндөй көрүшөт. Себеп дегенде, анын кадыр-баркы жетиштүү добуш топтоого чынында эле жетиштүү, анын үстүнө Феликс Куловду 24-мартта түрмөдөн өз колу менен чыгарган Өмүрбек Текебаев азыр - Жогорку Кеңештин төрагасы.

XS
SM
MD
LG