Курманбек Бакиев жыйында бийлик жүргүзүүдө мурдакыдай каталыктардын кайталанышына жол берилбестигин айтып, ар бир жетекчинин милдетине жоопкерчиликтүү кароого чакыруу менен аткарган иштери боюнча элге отчет берип турууга чакырды:
- Бийликке ишенбеген эл бизди колдобойт. Эл колдобосо колдон эмне келет, жетекчи мырзалар!? Өткөн бийлик сабак болууга тийиш. Көзүңөрдү ачып жүргүлө. Уйкусурап, куру сөздөрдү сүйлөп, бири-бирибизди мактап, кол чаап жүрө берген кез бүттү. Мындан ары ар бир аким, губернатор, облус, район жетекчилери ар бир ишемби күнү жер-жерлерге барып, эл менен бетме-бет жолугуп, эл мүдөөсүн угуп, элге отчет берсин. Акимдер айына бир жолу район элине, губернаторлор эки айда бир жолу облусттун элине текши отчет бериши керек. Урматтуу Феликс Шаршенбаевич мырза, ушул талапты катуу көзөмөлгө алыңыз. Жөн эле барып мейман болуп келе бербей, кайсыл маселени чечип келгендиги жөнүндө кат жүзүндө маалымат берип турушсун.
Президент андан аркы сөзүндө паракорлук, коррупция жетекчилерден башталып жатканын белгилеп, мындай оорудан айыгууну ар ким өзүнөн баштоо керектигин айтты:
- Паракорлук өлкөбүздү жөө тумандай каптап кирди. Бирок анын үрөнүн сээп, өстүрүп баккан жетекчилер өзүлөрү эмеспи. Министр, аким, губернаторлор, Ак үйдөгүлөр таза, калыс, адилет болсо анда коррупция каяктан келмек эле? Мага ар кандай булактардан маалыматтар жетип жатат. Ким кимди кызматка койдурду. Ким кимдин кылган иштерин жаап койгонго, кимге ким телефон чалып айтып жатканы жөнүндө. Мындай оюңарды токтоткула. Этегиңерди эрте жаап, напсиңерди тыйгыла деп ачык айткым келет. Бийлик котур койдой болсо, алсыз, жүдөө, жүнү жок жылаңач, эч нерсеге жараксыз болуп каларына күбөбүз. Бул оорудан айыгуунун жолу - ар бирибиз өзүбүздөн баштайлы. Адал, калыс, таза иштейли. Кыргызга дегеле арамдык жукпайт, мырзалар. Буюрбайт демекчимин. Карап көргүлөчү бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттин ар кайсыл чоң кызматтарда иштеген, аттарын жакшы билесиздер, кимдин кандай байлыгы бар экенин, алардын көпчүлүгү жок араңарда, анча-мынчасы гана бар. Демек арамдык жакпайт деген ушул.
Курманбек Бакиев мындан сырткары жетекчилерди тууганчылыктан, жердешчиликтен арылууга, таза, калыс иштөөгө да чакырды:
-Өз жек-жаат, тууган-тааныштарын кызматтарга койгон эски бийликти сындап, эми өзүбүз ошол абалга түшөлүбү. Кулов, Сарыгулов, Сыдыков мырзалардан суранам, эч бир кызматына, даражасына карабай, мындай иштерди угуп, билип калсаңар кызматынан алалы. Алыңар жетпесе мага айткыла. Эч кимдин тууган, жолдоштугуна карабай калыс, адилет бололу. “Туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок” дегендей, ыймандуу бийлик гана ыймандуу башкарып, ыймандуу мамлекет кура алат. Бул - мезгилдин талабы.
Президент ошондой эле соңку жылдары мамлекеттик башкаруу өзүн актаган жок деп, аны тышкы карыздын эбегейсиз көбөйүп кеткендиги менен байланыштырды. Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбооруна кеңешменин көпчүлүк мүчөлөрү каршы экендигине басым жасап, жергиликтүү бийликтин ролун жогорулатуу маселесин көтөрдү.
Бүгүнкү күнү элет элинин турмушу баш оорутмага айланып тургандыгын ырастады. Ошондон айыл жериндеги абалды көтөрүү жетекчинин бирден бир проблемасы болсун деген чакырык менен кайрылды. Антмейин эл бийликти колдобойт деп, аны 24-марттагы ыңкылап менен түшүндүрдү.
Жыйында элет маселесине Бакиевден кийин сөзгө чыккан Карасуу районунун Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Абдимитал Токтомуратов да токтолду:
-Биздин айталы дегенибиз президенттин докладында айтылды. Айыл өкмөттөрүнүн укуктарын кеңейтүү менен бюджет маселеси чечилсе чыныгы өзүн-өзү башкаруу жүрүп жатат демекчимин. Айыл өкмөтүнүн аты эле бар. Бир олуттуу иштер менен айыл өкмөтүнө кайрылса, колду куушуруп отуруп беребиз. Элге эч нерсе бербеген айыл өкмөттү эл да тоготпойт экен. Мал чарбасын өнүктүрүүдө, жер үлүшүн иштетүүгө техниканын жоктугу чоң мүчүлүштүктү жаратууда.
Элетке көнүл бурулбай калганын, айыл маселеси бийликтин эсинен чыгып калганын, айыл чарба техникалары таланып-тонолуп жок болгонун жер-жерлерден келген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дыйкан чарба башчылары да белгилешип, жаңы президенттин айыл өкмөттөрүнүн ролун көтөрүү тууралуу пикирин колдой тургандыктарын билдиришти.