Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

ГАЗАДАН КЕТҮҮГӨ КАРШЫЛЫК КӨРСӨТҮП ЖАТКАН ЖӨӨТТӨР ӨКМӨТТҮН АРАКЕТТЕРИН АЙЫПТАШТЫ


Төрөкул Дооров, Прага Газа тилкесиндеги 21, ошондой эле Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги айрым жөөт конуштарын башка жерге көчүрүү бүгүн түнкү саат 12ге чейин эркин, башкача айтканда, тургундардын өз эрки менен өткөрүлөт. Андан ары, эгерде алар үй-жайларын таштап кетүүдөн баш тартып тура беришсе, анда күч менен чыгарууга туура келет. Израилдин Газадан кетиши 1967-жылдан бери оккупацияланган жерлердин бошотулушун айгинилейт.

Газа тилкесинин күн чакчайып тийип турган Элей Сунай деп аталган конушунда израилдик аскерлер адамдарды өз үйлөрүн таштап кетүүгө чакырып жүрүшөт.

Бирок бул жерде жашаган Дана там-жайын өз эрки менен таштап кетүүнү каалабай турганын айтат:

- Биз каерге бараарыбызды билбейбиз. Силерге өзү эмне керек? Барып көчөдө жаткыла деп жатасыңарбы? Же биз силердин үйүңөргө барышыбыз керек беле? Туура, силерде бул суроолорго жооп жок. Ошондуктан, силер аларга жооп тапкычаңар мен бул жерден бир кадам да жылбай тура берем.

Анын айтымында, аскерлер газалыктар менен чындап эле урушууга даяр экендиктерин көрсөтүштү. Анын аралыгында, бир аял менен киши Элей Сунай конушуна кире бериштеги дарбазаны катуу бекемдеп жатышат. Алар өздөрүн өкмөтү алдап койду деп эсептешет. Айрымдары болсо Газадан көчүрүүгө каршы нааразылык ырларын ырдашууда.

Ал эми Нетзарим конушундагы абал израилдиктердин жүрөгүн андан бетер оорута баштады. Тургундар өз үйлөрүнөн көчүп кетүү ишине баш ийбөө максатын даңазалап, ырдап-бийлеп жатышат. Алар өлкөнүн премьер-министри Ариэл Шарондун сүрөтүн илип, аны Израилди бөлүп жаткан адам катарында көрсөтүштү.

Бирок премьер Шарон Газадан кетүү ишинде артка кайтуу болбостугун белгиледи:

- Биздин Газадан кетишибиз – Израилдин бүгүнкү реалдуулугу. Бул - Израилдин келечеги үчүн маанилүү жана жакшы көрүнүш. Биз душмандарыбыздын санын азайтып жатабыз. Мындан ары өлкөнүн коопсуздугу үчүн Израилдин коргоо күчтөрү жан үрөп кызмат кылып, эгер душмандар бизге каршы аракеттерди көрүшсө, биздин күчтөр аларга каршы чечкиндүү аракеттер менен күрөшө алышат.

Ал ошондой эле, Израил Газаны түбөлүккө кармап тура албасын мойнуна алып, Газада бир миллиондон ашуун палестиналык оор абалда жашап жатканын, болгондо да алардын саны тездик менен өсүп баратканын белгиледи. Андыктан, Израилдин коопсуздугун сактап калуу үчүн Газадан кеткен оң, деди ал.

Бирок Шарон палестиналыктарга да эскертүү жасады. Анын айтымында, эгерде эми мындан кийин Палестинадагы айрым жоочу топтор Израилге каршы чабуулдарын токтотпосо, Израил андан да коркунучтуу күч менен палестиналык мындай топторго каршы аракет баштоо ыктымалдуулугун жокко чыгарбайт.

XS
SM
MD
LG