Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТТИН АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНДА СҮЙЛӨГӨН СӨЗҮ КООМЧУЛУКТА АР КЫЛ ПИКИРЛЕРДИ ЖАРАТТЫ


Президент Курманбек Бакиев 15-августта аткаруу бийлигинин өкүлдөрү алдында сүйлөгөн сөзүндө паракорлук өлкөнү жөө тумандай каптап кеткенин белгилеп, паракорлукту токтотуш үчүн бүт күч-аракет жумшалаарын белгилеген. Президент Бакиевдин жыйында сүйлөгөн сөзү коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты.

Өкмөт үйүндөгү кеңешменин учурунда Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев кээ бир атка минерлер ар кандай кызматтарга өз жек-жааттарын өткөрүүгө аракет жасап жана ыплас иштерге аралашып жатканын жакшы билээрин айтты. Курманбек Бакиевдин сөзүнө караганда, алардын арасында вице-премьерлер, министрлер, губернаторлор жана жогорку бийликтин өкүлдөрү бар.

Ошондой эле Курманбек Бакиев жыйында ар бир жетекчи аткарган иштери боюнча элге отчет берип турууга тийиштигин белгилеген:

- Мындан ары ар бир аким, губернатор, облус, район жетекчилери ар бир ишемби күнү жер-жерлерге барып, эл менен бетме-бет жолугуп, эл мүдөөсүн угуп, элге отчет берсин. Акимдер айына бир жолу район элине, губернаторлор эки айда бир жолу облусттун элине текши отчет бериши керек. Жөн эле барып мейман болуп келе бербей, кайсыл маселени чечип келгендиги жөнүндө кат жүзүндө маалымат берип турушсун.

Президенттин бул сөзүнө Кыргызстан коммунисттер партиясынын төрайымы Клара Ажибекова мындай пикирде:

- Мага акимдер, губернаторлор 2 айда бир жолу эл менен сүйлөшүп, жолугуп, элдин алдында отчет берип турсун дегени абдан жакты. Мен ойлойм, эгерде Курманбек Салиевич ушундай бекем болсо, мындан ары да ушундай максат коюп бекем туруп берсе, анда жыйында айткан сөздөрү жүзөгө ашат.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев буларга токтолду:

- Акимдерди жоопкерчиликке чакырганын мен туура деп эсептейм. Бул туура, анкени текшеребиз деп келип, өздөрү конок болуп кетишчү да. Эми ошол айтылгандарды ишке ашыруу - жаңы өкмөттүн, парламенттин негизги приоритети болуп калышы керек. Менин оюмча көбүрөөк экономикага басым жасалышы керек.

Жыйында Курманбек Бакиев паракорлук өлкөнү жөө тумандай каптап баратканын белгилеп, паракорлукту токтотуу үчүн бүт күч-аракеттер жумшалаарын да белгилеген эле.

Кыргыз телевидениесинин маалымат аналитикалык берүүлөрүнүн башчысы Байма Сутенова президенттин айтылган сөздөрү ишенич туудуруп жатканын айтты:

- Жаңы президент Курманбек Бакиевдин 15-августта сүйлөгөн сөзү коомчулукта жакшы эле пикир жаратат болушу керек. Анткени ушундай тике сөз айтыла элек эле. Коомчулукта дагы бир пикир бар, ушул айтылгандар сөз бойдон кала береби деген. Менин жеке пикиримде жыйында элде бышып жүргөн маселелер айтылды. Менде ишенич бар, менимче жакшы эле болот.

“Демократия жана жарандык коом” үчүн бейөкмөт уюмдар коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов президенттин кээ бир сөздөрү тынчсыздандырууну пайда кылып жатканына токтолду:

- Бир жеринен мен тынчсыздануумду билдирем. Жаңы шайланган президент өзүнүн шайлоо программасында өкмөттү күчөтүш керек, өкмөттү өзүнчө бир күчтүү, жооптуу органга айландырыш керек деп айткан эле. Ал эми 15-августтагы жыйында Курманбек Салиевич Конституциялык реформада бийлик бөлүштүрүү болбошу керек, элдин бийлигин күчөтүшүбүз керек деп айтканы тынчсыздандырууда. Менин оюмча, жаңы шайланган президент мурунку сөзүнө турушу керек.

XS
SM
MD
LG