Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

АКШ ЫҢКЫЛАПТАН КИЙИНКИ ГРУЗИЯГА 300 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДЫК ЖАРДАМ БЕРЕТ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Американын өкмөтү Грузияга 300 миллион доллар бөлдү. Каражат АКШ өкмөтүнүн алдындагы “Миң жылдыктын чакырыктары” аттуу корпорациясы тарабынан берилди. Корпорация башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, каражат беш жылдын ичинде Грузиянын жолдору менен энергетика тармагындагы куурларды оңдоо жана жеке менчик ишкердикти колдоо үчүн сарпталат.

“Миң жылдыктын чакырыктары” аттуу Америкалык өкмөттүк корпорация менен Грузиянын ортосунда расмий Тбилисиге грант берүү жөнүндөгү макулдашууга ушул жылдын сентябрь айында кол коюлат. Андан кийин ал каражат Грузиянын эң жакыр райондорундагы инфраструктураны оңдоого жумшалат.

300 миллион доллардын үчтөн бири өлкөнүн түштүгүндөгү Самихе-Жавахети облусун кесип өткөн 245 чакырым жолду кайра салууга сарпталат. Дагы бир бөлүгү Орусиядан келип, түндүк менен түштүктү туташтырып турган газ куурун оңдоого кетет.

Корпорациянын вице-президенти Чарлз Сетнесстин айтымында, америкалык тарап каражат Грузиянын жакыр элине огожо болот деп катуу үмүттөнүп жатат:

- Жолду салуу долбоору алыскы облусту Армения, Туркия жана Тбилиси менен туташтырып, Грузиялыктардын дасторконуна түшчү данды өстүргөн айыл чарбасынын өнүгүшүнө чоң колдоо болот. Анткени, долбоор учурдагы кан жолду 50 пайызга чейин кыскартууга шарт түзөт. Ал эми газ куурун салуу долбоору боюнча айтсак, биз коопсуз жана ишенимдүү куурду салууга аракет кылабыз жана ал өлкөдөгү кубаттын көлөмүн 35 пайызга чейин көбөйтүүгө жол ачат .

Сетнесстин айтымында, бул долбоорлор боюнча алдын-алуу иштери жүргүзүлө баштады жана жол эмдиги жылдан баштап салына баштайт.

Америка өкмөтүнүн дүйнөдөгү жакыр мамлекеттерге жардам көрсөтүү ишин багыттаган кеңсеси ушуну менен эмдиги айда бешинчи мамлекет менен келишим түзөт. АКШ президенти Жорж Буштун талабы боюнча каражат кедей, бирок, башкаруусу ачык жана ак ниет мамлекеттерге гана берилет.

Берилген акчаны өлкөнүн жетекчилиги өз каалоосу менен иштетет, бирок, Америка өкмөтүнө экономикалык кандай пайда алып келгендиги тууралуу маалыматты так берет.

Чарлз Сетнесстин айтымында, грузиялык мамлекеттик кызматкерлердин долбоорду түзөөрдөн мурда жакырдыкты кантип кыскартуу керектигин коомчулук менен кеңешип түзгөнү америкалыктарга жакты:

- Бүткүл өлкө аймагы боюнча байма-бай талкуу жүрдү. Ага Тбилисиден тышкары бардык облустар катышты. Катардагы адамдардан тартып уюмдарга чейин 500дөн ашык сунуш жиберишти. Долбоорду түзүүдө мына ошолор эң маанилүү роль ойноду.

Газ куурун куруу жана жол салуу долбоорунан тышкары 32 миллион доллар Тбилисиге көз каранды эмес инвестициялык фонддун алдында иштеген элет жериндеги жеке менчик ишканаларга берилет. Дагы 15 миллион долларды айыл чарбасында ишкерлик кылуу үчүн дыйкандар алат.

Грузия чет өлкөдөн мындай жардамдарды мурда деле нечен ирет алган. Бирок, коррупция ал каражаттын изин таптырбай кеткен. Анткени, Грузия мурдагы совет мамлекеттеринин ичинен коррупция өзгөчө гүлдөгөн өлкөлөрдөн болчу.

2004-жылкы ыңкылаптан кийин азыркы өкмөт акчаны бейчеки коротууга тыюу салып, тартип коргоо органдарынын көзөмөлүн күчөттү.

Америкалык корпорациянын вице-президенти Чарлз Сетнесстин айтымында, жаңыдан бөлүнүп жаткан гранттын кайтарымы болот деген кепилдик бар:

- Биздин каражат боюнча отчет берчү агентибиз бар жана аны менен келишим түзүлгөн. Биз ал коррупциядан тыш иш жүргүзөт деп ишенебиз. Андан тышкары биз эл аралык ыкмалардын негизинде маал-маалы менен аудитордук текшерүү жүргүзүүнү көздөп жатабыз.

Грузиянын жетекчилери мындай ири жардамдык каражатты өлкөгө берсе боло тургандыгына америкалык тарапты ушул жазда ишендиришкен.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG