Шаршемби күнү эртең менен Багдаддын ал-Нахда автобустук терминалында 10 мүнөттүн эчинде эки бомба жарылды. Ирактын Түштүк шаарларына жөнөп жаткан жүздөгөн жүргүнчүлөргө толгон авостанцияда бир заматтын ичинде тополоң түшүп, жерди бомбага кабылган кишилердин каны каптады. Кишилердин дене мүчөлөрү туш тарапка учуп, бекетте ызы чуу-түшүп калды. Жардырууну күбө болгондордун бири көргөндөрүн мындайча баяндады:
- Биз жардыруу болгонун угуп, Кут, Басра, Аман тарапка баруучу автобустарды көздөй чуркадык. Жардыруудан жаракат алгандарды сыртка чыгарып, ооруканага жеткиргенге жардамдаштык. Экинчи жардыруу бекеттин кире беришинде, полициянын машине ташыган автоунаасынын жанында болду,- дейт Ахмед Жабур аттуу тургун.
Бул эки жардыруудан көп өтпөй жараат алган адамдар жеткирилген Ал-Кинди ооруканасынын кире беришинде дагы бир жардыруу болду. Ирактын бийликтери бул үч жардыруудан бери дегенде 43 киши курман болуп, 76 киши жарадар болгонун айтып жатышат. Жардыруу болгон жерде иштеп, кан суудай агып, адамдардын дене мүчөлөрү туш тарапка чачыраганын өз көзү менен көргөндөр теракттан жабыркагандардын санын мындан да көп болушу ыктымалдыгын айтууда.
Маалымат булактары ушул эле шаршемби күнү Ирактын Киркук шаарында ирактык алты жоокер көтөрүлүшчүлөрдүн кол салуусунан курман болгондугун маалымдашууда. Ал эми Багдаддын чыгыш тарабында Ирактагы Ислам революциясынын Жогорку Кеңешинин мүчөлөрү түшүп бараткан машине минага кабылып, андан бир киши курман болуп, экөө жаракат алды.
Байкоочулар автобекеттеги жардыруулар Иракта аракеттенип жаткан радикал исламдык топтордун колунан келгенин божомолдоп жатышат. Мындай чоң кол салуу Иракта бир айга жакын убакыттан бери боло элек болчу.
Багдаддагы жардыруу Ирактын Конституциясынын долбору боюнча талкуулар башталаардын жуп алдында болду. Ирактын Конституциялык комиссиясы жаңы Баш мыйзамдын долборун парламенттин кароосуна 15-августта коймок. Бирок шии, сунни жана күрт саясатчылары Конституциянын беренелери боюнча орток пикирге келе албай жатканына байланыштуу, долборду парламенттин талкуусуна койуунун мөөнөтү 22-августка жылдырылды. Ирактын саясатчылары исламдын өлкөдөгү ролу, шиилерге автономия берүү жана өлкөнүн табыгый байлыктарын бөлүштүрүү маселеси боюнча орток тил таба албай жатышат. Суннилер, мисалы, шии динаятчыларынын исламды Ирактын мыйзамдар кодексинин пайдубалы кылуу сунушуна каршы.Эгерде шии сектанттарынын бул сунушу ишке ашса, дүйнөдө ислам мыйзамдары менен башкарылган дагы бир өлкө пайда болмокчу. Суннилер ошондой эле өлкөнүн мунайга бай түштүгүндө шиилердин автономиясын түзүү сунушуна да каршы болуп жатышат. Бирок бул сунушка ири автономдук укуктарга ээ болууга үмүттөнүп жаткан күрттөр каршы эмес.
Айрым бир саясий байкоочулардын пикиринде, Саддамдын режими кулатылган соң мурдагы таасиринен ажырап, ал эми парламенттик шайлоону бойкоттойбуз деп жатып, бул органда аз гана орун алып калган суннилер, азыркы талашта акырына чейин туруп, парламенттин таркоосуна шарт түзгөнгө аракеттенишет. Андай болгондо өлкөдө жаңы саясий кризис тутанышы ыктымал.