Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕНИН КУРАМЫ ӨЗГӨРТҮЛӨБҮ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Мамлекет башчы Курманбек Бакиев 15-августта сүйлөгөн сөзүндө Конституциялык кеңешменин курамын кайрадан оңдоп-түзүү зарылдыгын белгиледи. Мындай демилгени Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев жана башка саясатчылар колдошууда. Ошол эле мезгилде кеңешменин айрым мүчөлөрү буга каршы.

Март ынкылабынан кийин коомчулук тарабынан дароо эле Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси көтөрүлдү. Көп өтпөй парламент тарабынан бул максатта Конституциялык кеңешме түзүлүп, саясий реформанын жумушчу долбоору иштелип чыгып, элдик талкууга коюлду.

Ал эми мамлекет башчы Курманбек Бакиев элге ант бергенден кийинки күнү коомчулук менен жолугушуу учурунда Конституциялык кеңешме тууралуу өз оюн мындайча билдирди:

- Конституцияны өзгөртүүгө жоопкерчилик менен мамиле кылалы. Конституциялык кеңешме даярдаган сунуштар калктын талкуусуна коюлду. Бирок кеңешменин көпчүлүк мүчөлөрү мындай долбоорго каршы болушуп, аны сындай башташты.

Курманбек Бакиев мындан сырткары кенешменин курамын өзгөртүү зарылдыгын да белгилей кетти.
Бул билдирүү коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Маселен, кеңешменин айрым мүчөлөрү жана айрым саясатчылар мамлекет башчынын мындай демилгесин колдошпой, кеңешмени кайра түзүү зарылдыгы жок дешет:

- Мунун ордуна башка курам келсе деле элдин ою белгилүү. Себеби кеңешме отурумунда бардык талаштуу маселер каралган. Эгерде, элден түшкөн сунуштарды талдап келгенде, төрт-беш гана олуттуу маселе чыгышы ыктымал. Аны курамды өзгөртпөй эле чечсе болот, - дейт Конституциялык кеңешменин мүчөсү, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Феликс Кулов жетектеген «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев.

Ал эми бул маселе боюнча Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикири төмөндөгүчө:

- Менин оюмча Кеңешменин курамын өзгөртсөк болот. Сентябрга карата анын курамынын 30 пайызы өзгөрөт. Анткени бул маселе буга чейин эле көтөрүлгөн. Көпчүлүк кеңешме мүчөлөрү жыйынга келбей жыйналыш өтпөй калган учурлар болгон. Ошол учурда эле кеңешме мүчөлөрү бул маселени көтөрүшкөн.

Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбооруна өз алдынча талдоо жүргүзгөн Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов болсо мамлекет башчынын жогорудагыдай пикирин колдойт:

- Анткени Конституциялык кеңешме өлкөнүн мамлекет башчысы шайлана электе түзүлүп калды. Ал эми Баш мыйзам боюча президент адам укугунун жана эркиндигинин кепилдигин алат. Демек бул киши сөзсүз түрдө кеңешменин курамына жөн эле кирбей, аны жетектеш керек. Бул негизги себептердин бири.

XS
SM
MD
LG